20 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты

Түркия турнирди 1 алтын, 1 күмүш жана 5 коло медаль менен жыйынтыктады.

2027263
20 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты

Иорданиянын борбор шаары Амманда уюштурулган 20 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты аяктады.

Түркия турнирди 1 алтын, 1 күмүш жана 5 коло медаль менен жыйынтыктады.

Грек-рим күрөшү боюнча 82 кг салмакта Алперен Бербер ирандык Ясин Али Йазды 9-1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону болду.

Грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмакта Азат Сарыяр менен 72 кг салмакта Мухаммед Али Гөчмен коло медаль тагынышты.

Эркин стилде 65 килограммда Абдуллах Топрак, 70 килограммда Ибрахим Метехан Япрак жана 125 килограммда Хакан Бүйүкчынгыл коло медалга ээ болушту.

Кыздар арасында болсо 72 килограмм салмакта Бүкреназ Серт күмүш медаль тагынды.



Тектеш кабарлар