17 жашка чейинкилер арасында Европа чемпионаты

Түркия чемпиондукту жалпы 14 медаль менен аяктады.

2001370
17 жашка чейинкилер арасында Европа чемпионаты

Албаниянын борбор шары Тиранада уюштурулган 17 жашка чейинкилер арасында Европа чемпионаты аяктады.

Чемпионаттын акыркы күнүндө улуттук спортчулар эркин стилде 1 күмүш, 3 коло жалпы 4 медалды багындырды.

Эркин стиль боюнча 92 килограмм салмакта Эйүп Четин финалда грузиялык атаандашы Сандро Курашвилиге жеңилип күмүш медаль тагынды.

45 килограммда Эбубекир Гүр, 60та Вахид Самед Йылмаз жана 71де Ферхат Йигит 3-орун үчүн беттешүүдө атаандаштарын жеңип коло медалдын ээси болушту.

Акыркы күнү алган медалдары менен бирге Түркия чемпиондукту жалпы 14 медаль менен аяктады.

Күрөш боюнча улуттук кыздар командасы болсо тарыхында биринчи жолу 17 жашка чейинкилер арасында Европа чемпиону болду.



Тектеш кабарлар