Карим Бензема Сауд Арабия лигасында

35 жаштагы футболчу 2026-жылга чейин "Аль-Иттихадда" ойнойт.

1996388
Карим Бензема Сауд Арабия  лигасында

Француз жылдыз Карим Бензема карьерасын Сауд Арабия лигасында улантат...

"Аль-Иттихад" "Реал Мадрид" менен жолдорун бөлгөн француз жылдызы менен 3 жылдык келишимге кол койду.

35 жаштагы футболчу 2026-жылга чейин "Аль-Иттихадда" ойнойт.

Араб командасы Бенземага жыл сайын 200 миллион евро төлөй тургандыгы айтылууда.

Тажрыйбалуу футболчу мурдагы командалашы Криштиану Роналду менен да атаандаш болот.

Буга чейин карьерасында "Олимпик Лион" жана "Реал Мадрид" клубдарында ойногон Бензема 551 оюнда 281 гол киргизип, 119 пас берген.



Тектеш кабарлар