Япониянын Санфречче Хиросима командасы Стамбулда

Жаңы сезон алдында лагерь үчүн Антальяны тандаган япониялык Sanfrecce Hiroshima командасы, ал жактагы машыгууларынан кийин Стамбулга барды.

1938592
Япониянын Санфречче Хиросима командасы Стамбулда
japon kulup istanbul'da.jpg
Michael Skibbe.jpg

Буга чейин Түркиянын Галатасарай, Эскишехирспор жана Карабүкспор клубдарында машыктыруучу болуп иштеп, учурда Япониянын J1 Лигасынын командаларынын бири Санфречче Хиросимада кызмат кылган Майкл Скиббе, командасы менен Стамбулдагы тарыхый жерлерди зыярат кылды.

Жаңы сезон алдында лагерь үчүн Антальяны тандаган япониялык Sanfrecce Hiroshima командасы, ал жактагы машыгууларынан кийин Стамбулга барды. 

Стамбулда жолдоштук беттеш өткөргөн Скиббе жана окуучулары Японияга кайтар алдында Султанахметти кыдырышты. Капалычаршы базарында соода кылган япон футболчулары соодагерлердин кызыгуусуна туш болушту.

Германиялык машыктыруучу Скиббе Стамбулга саякатында басма сөзгө билдирүүлөрдү жасады.

Түркиядагы лагеринин абдан жакшы өткөнүн билдирген Скиббе: «Белектеги лагерибиз абдан жакшы өттү. Мыкты аянтчалар, абдан жакшы тейлөө, абдан жакшы мейманканаларда лагерь өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алдык. Эми болсо команданы Стамбулду көрсөтүү үчүн келдик. Мен Стамбулда өзүмдү үйдөгүдөй сезем. Оюнчуларыма жана клубга Стамбул кандай сонун жана кооз шаар экенин көрсөткүм келди»,-деди.



Тектеш кабарлар