Түркия 2028 жана 2032 үчүн талапкер...

Түркиянын футбол федерациясынын жетекчиси Мехмет Бүйүкекши билдирүү жасады.

1916246
Түркия 2028 жана 2032 үчүн талапкер...

Түркия 2028 жана 2032-жылкы футбол боюнча Европа чемпиондугун өткөрүү үчүн кайрылды.

Бул тууралуу Түркиянын футбол федерациясынын жетекчиси Мехмет Бүйүкекши билдирди.

Бүйүкекши: «2028-жыл үчүн Ирландия, Шотландия, Уэльс жана Британия биргелешкен талапкерлик үчүн кайрылышты. Биз жалгыз арыз бердик. 2032-жыл үчүн да Италия жалгыз кайрылды, биз да кожоюндук үчүн өзүбүзчө арыз бердик. Шаарларыбызды тандадык, алдын ала иликтөөлөрдү жүргүзүп УЕФАга билдирдик. Жаңы өлкө арыз бере албайт анткени мөөнөтү бүттү. Түркия экөөнө тең талапкер болуу үчүн бар»,-деди.

Шаар тандоодо УЕФАнын критерийлери бар экенин белгилеген Түркиянын футбол федерациясынын жетекчиси: «Биз шаарларды өзүбүздүн критерийлерибиз менен тандабайбыз. Алардын стадион сыйымдуулугу бар. Шаарлардын ортосундагы аралык критерийлери бар. Кеминде 60-70 миң киши баткан стадион болушу керек... Стадиондорубуздун абалы жана жери да маанилүү. 2028 же 2032-жылдын бирөөнү алабыз деген үмүттөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар