Британия менен Франция беттешет

Беттеш ТРТ-1ден түз эфирде көрсөтүлөт.

1916330
Британия менен Франция беттешет
Ibrahima Konate

2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатында Британия чейрек финалда Франция менен беттешет.

Эль-Байт стадионунда 10-декабрь ишемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 22.00дө баштала турган беттеш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Британиянын коргоочусу Кайл Уокер маалымат жыйынында: «Францияда абдан жакшы оюнчулар бар, бирок бизде да өзүбүзгө болгон ишенимибиз жогору, биз жеңүүчү болобуз деп ишенем»,- деди.

Француз коргоочусу Ибрахима Конате болсо: «Гарри Кейн абдан жакшы футболчу, бирок биз бир оюнчуга эмес, бүтүндөй Британ командасына көңүл буруубуз керек. Эгер биргелешип компакттуу оюн ойносок, ийгиликке жетебиз. Мбаппе биздин эң чоң куралыбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар