Марокко Хорватия менен Бельгияны басып өттү...

Жон Хердмандын окуучулары Канаданы 2:1 эсебинде жеңип F тайпасынын лидери болушту жана акыркы 16 команда ойной турган турга өттү.

1913885
Марокко Хорватия менен Бельгияны басып өттү...

Марокко 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунда Хорватия менен Бельгияны артка калтырып, жолун улантууда...

Жон Хердмандын окуучулары Канаданы 2:1 эсебинде жеңип F тайпасынын лидери болушту жана акыркы 16 команда ойной турган турга өттү.

Түндүк Африка командасынын голдорун 4-мүнөттө Хаким Зийч  жана 23-мүнөттө Юсуф Эн Нусайри  киргизсе, Канаданын жалгыз голун 40-мүнөттө Найиф Акреддин киргизди.

Ошентип Марокко өз тарыхында экинчи жолу дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычынан өтүүгө жетишти.

Кызыл-жашылдар буга акыркы жолу 1986-жылы жетишип, ошол жылы тайпанын лидери катары кийинки турга көтөрүлүшкөн.

Бешикташтын оюнчусу Ромен Саис кечээ Мароккодо 90 мүнөт бою оюн талаасында милдетин аткарса, ошондой эле Бешикташтан башка ысым Атиба да 60 мүнөттө Канаданын оюнуна кошулду.



Тектеш кабарлар