Али Офлаз Европа чемпиону...

Дуррес шаарында оор атлетика боюнча Европа чемпионаты өтүп жатат.

1897687
Али Офлаз Европа чемпиону...

Жаштар жана 23 жашка чейинкилер арасындагы оор атлетика боюнча Европа чемпиондугунда улуттук спортчу Али Офлаз Европа чемпиону болду.

Улуттук спортчу Али Офлаз Албаниянын Дуррес шаарында өткөрүлгөн Жаштар жана 23 жашка чейинкилер арасында оор атлетика боюнча Европа чемпионатында 2 алтын жана 1 күмүш медалга ээ болду.

Иш-чаранын акыркы күнүндө жаштар арасында +109 кг категориясында күч сынаган Али Офлаз жулкуп көтөрүүдө 161 килограмм менен алтын медаль, түртүп көтөрүүдө 201 килограмм менен күмүш жана жалпы жыйынтыкта ​​362 килограммдык даражасы менен алтын медалды багындырып Европа чемпиону болду.

Улуттук спортчулар чемпионатты 19 алтын, 21 күмүш жана 6 коло жалпы 46 медаль менен аяктады.



Тектеш кабарлар