Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-19

2137678
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 29-апрель күнү Татарстандын реиси Рустам Минниханов Түркмөнстанга барды. Татарстандын реиси Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Түркмөнстандын Калк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен Ашхабадда өз-өзүнчө жолугушту.

Сингапур Парламентинин спикери Сеа Киань Пен 29-апрель - 3-май күндөрү Казакстан жана Өзбекстанда расмий иш сапары менен болду. 29-апрелде Казакстан Парламентинин төрагасы Ерлан Кошанов сингапурлук кесиптеши менен жолугушту. 30-апрель күнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Сингапур Парламентинин Спикери Сеа Киань Пенди кабыл алды. Жолугушууда Казакстан-Сингапур эки тараптуу мамилелеринин ар кыл маселелери талкууланды. Ошол эле күнү Сингапур Парламентинин төрагасы Казакстандын Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.

Казакстандын премьер-министринин чет өлкөгө иш сапарлары уланууда. 30-апрелде Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Тажикстанга расмий иш сапары менен барды. Дүйшөмбүдө премьер-министр Бектенов Тажикстандын президенти Эмомали Рахман жана премьер-министр Кахир Расулзода менен жолугушту.

2-май күнү Өзбекстанда III Эл аралык Ташкент инвестициялык форуму болуп өттү. Форумга 93 өлкөдөн 2,5 миң өкүл катышты. Форумда Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаров, Сингапур Парламентинин спикери Сеа Киань Пен, эл аралык уюмдардын жетекчилери сөз сүйлөштү. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев форумдун алкагында көптөгөн конокторду өз-өзүнчө кабыл алды. Мындан тышкары Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандын экономика жана энергетика министрлери үч тараптуу жыйын өткөрүп, бул өлкөлөрдүн энергетикалык системаларын бириктирүү боюнча келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык, Каспий деңизинин астына кабелдер төшөлөт. Президент Шавкат Мирзиёев 3-майда Чет элдик инвесторлор кеңешинин 2-жыйынына катышты.

3-майда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйыны болуп өттү. Премьер-министр Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун быйыл Өзбекстанга мамлекеттик иш сапар менен барарын билдирди. Андан соң өкмөт башчылар Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинин жаңы имаратын ачышты.

1-майда Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Азербайжан-Армения тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн Алматыда болорун билдирген билдирүү таратты. Жарыяланган билдирүүдө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттер 1991-жылы декабрда Алматыда келишим түзүү аркылуу азыркы чек араларын тааныгандыгы, ошондуктан Алматыда өтө турган жолугушуу Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыктын орношуна кызмат кылат деп үмүттөнөрү айтылган.

1-3-майда Баку шаарында 6-Бүткүл дүйнөлүк маданияттар аралык диалог форуму болуп өттү. “Глобалдык коопсуздук жана тынчтык үчүн диалог” аталышындагы форумга 110 өлкөдөн 700 өкүл катышты. Форумдун ачылышында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев сөз сүйлөдү. Биринчи Маданияттар аралык диалог форуму 2011-жылы өткөн.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар