Самсун каз (Тириди) тамагы

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-18

2137154
Самсун каз (Тириди) тамагы

САМСУН КАЗ (ТИРИДИ) ТАМАГЫ

Катталган күнү: 27.12.2011

Түркиянын түптөлүш мезгилинде тарыхый мааниге ээ болгон Кара деңиз жээгиндеги Самсун шаары улуттук тамактын да мекени. Самсундун ички аймактык муниципалитеттер биримдигинин кайрылуусу менен 2011-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн арасына кирген Самсун каз тамагы (Тириди), булгур палоо жана калама наны менен даярдалган даамдуу тамак болуп саналат. Даярдоо үчүн 4 саатка жакын убакыт талап кылынган Самсун каз тамагы, кышында үйлөнүү үлпөттөрүнүн, майрамдардын жана көп коноктуу үйлөрдүн баш тартылгыстарынан. Тамакты жасоодо атайын багылып союлган жана ичи тазаланган 2 килограмм каздын эти, 1 килограмм булгур жана 30 даана калама наны колдонулат. Казды тазалоо, туздоо, бышыруу жана тейлөө үчүн атайын ыкмалар ишке ашырылган тамактын даярдалышы чоң чеберчиликти талап кылат. Тазаланган жана туздалган бүтүн каз, бышырылышы үчүн үйлөрдө отун менен күйгүзүлгөн печкага окшогон мештердин үстүндөгү илгичтерге мойнунан илинет. Каздын ар тарабын жакшы бышыруу үчүн маал-маалы менен айландыруу керек. Тамчылаган майлары үчүн да илинип турган каздын астына көмөч же патнос коюлат. Чокко айланган оттун таасири менен каз жакшылап бышып, териси кытырайт. Эт катып калбашы үчүн ылдыйдагы көмөч казанга агып жаткан «Тирид» деп аталган май бир кашыктын жардамы менен этке маал-маалы менен сүйкөлөт. Ал арада башка меште даярдалган булгур палоосуна да каздын майы кошулат. Жумшак бышырылган каздын эти майдаланып сөөктөрүнөн ажыратылат жана палоонун үстүнө коюлат. Акырында каздын майына малынган калама наны менен бирге каздын эти жана булгур палоосу ысык берилет.



Тектеш кабарлар