Хаккари килеми

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-17

2134776
Хаккари килеми

Хаккари килеми

Катталган күнү: 16.05.2023

Түркиянын Иран жана Ирак чек араларынын кесилишиндеги Хаккари шаары бийик тоолору жана чоң жайыт жерлери менен белгилүү. Өткөн кылымдардан бүгүнкү күнгө чейин мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен жан багып келген жергиликтүү калк өзгөчө токулган өнүмдөрү менен таанымал. Хаккари килеми 2023-жылы Хаккаринин Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнө кошулган. Шаарда райондон районго өзгөргөн Хаккари килемдеринде тигинен, туурасынан жайгашкан жана борбордук композициялар үстөмдүк кылат. Фигуралар катары роза баш болгон түрдүү гүлдөр, канаттуулар, көпөлөктөр жана жаныбарлардын ар кандай формалары бар. Хаккари килемдери көбүнчө палас жана узун коридорго жолчо катары колдонуудан тышкары, дубал жана төшөк жабуу, ат куржуну менен төө баштык катары да өндүрүлөт. Мотивдердин гармониясынан жана симметриясынан улам жогорку чеберчиликти талап кылган Хаккари килеминин токулушунда көбүнчө майда малдан алынган, тамыр боёктору менен боёлгон жүн жиптери колдонулат. Килемдер аялдар тарабынан жыгач токуу станокторунда токулуп, 3-5 чарчы метрге чейин өндүрүлөт. Өңү жана оюмдары менен айырмаланган Хаккари килеминин жандан безмек, кырк роза, гармониялуу күмбөз сыяктуу көңүлдү бурган аттарга ээ 15 түрү бар.



Тектеш кабарлар