Курсак ач кезде  кабылдоо кыйындайт

Анткени - 19.2024

2134773
Курсак ач кезде  кабылдоо кыйындайт

     Сүйүктүү окурмандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында психологияда фон-фигура байланышы деген аталыштан сөз кылабыз. Аты техникалык термин сыяктуу угулса да, байланыш күнүмдүк турмушубузда көптөгөн жагдайларды билдирет. Сөзүбүздү негизги мисалдарды келтирүү менен : «Ачка болгондо кабылдоо кыйындайт», - деп баштайбыз.

Немис тилинде «форма» деген маанини билдирген «гештальт» түшүнүгү психологияда кабылдоо процесстерин түшүндүргөн теорияга атын берет. Гештальт боюнча алып караганда  тышкы дүйнө, башкача айтканда, реалдуулук талаасы бул талааны түзгөн бөлүктөрдөн көз карандысыз бүтүндүккө ээ. «Бир бүтүндүн  бөлүкчөлөрдүн баарынан дагы көбү» деген сөз менен аталса да гештальт теориясы негизинен көз карашты жактабайт. Гештальт  психологдорунун баса белгилегиси келген нерсе адамдын акылы адегенде бүт нерсени кабылдап, андан кийин бул бүтүндүн ичиндеги бөлүктөрдү бир - бирден ажырата алышы.

Гештальт теориясы адамдын кабылдоосун түшүндүрүү үчүн фон  -  фигура же форма  - негиз карым  - катнашы деп аталган принципти ортого салууда. Буга ылайык адам заттарды арткы фонддун ичинде кабылдайт. Көрүү талаасынын биздин көңүлүбүздү бурган бөлүгүн форма, калган бөлүмүн негиз катары кабылдайбыз. Эмненин форма, эмненин негиз болору тышкы дүйнөдөгү стимулдардын өзгөчөлүктөрүнөн эмес, биздин кабылдообуздун иштөө принцибинен келип чыгат. Бул абал башка кишиге караганда зат катары кабылданган нерсе башка бирөө үчүн негиз катары функцияны аткара алат. Же ошол эле киши үчүн фон  же фигура болгон нерсе мезгил ичинде орун алмаштыра алат.

Фон-фигура принциби социалдык психологияда адамдын керектөөлөрүнүн приоритеттүү тартибин аныктоо үчүн да колдонулган модель. Бул ыкма боюнча адамдын физиологиялык, психологиялык жана социологиялык муктаждыктары баш аламан. Бул баш аламан абал фонду түзөт. Биздин артыкчылыктуу муктаждыктарыбыз өзүнчө фигуралар катары пайда болот.  Акылыбыз  мындан ары фонду эмес, фигураны тандайт. Бул муктаждык канааттандырылмайынча, экинчи планда калган башка муктаждыктарга көңүл буруу биз үчүн кыйын, ал тургай айрым учурларда мүмкүн эмес.

Сөзүбүздүн башында берилген мисалга кайта турган болсок ачкачылык физикалык бир муктаждык катары фигурага айланганда фондогу башка элементтер көрүнбөс абалга келет.Мектепте же жумушта курсагыбыз ач кезде айтылган нерсеге көңүл буруубуздун кыйындашы ушул абалдан келип чыгат. Америкалык психолог Абрахам Масловдун белгилүү керектөөлөр иерархиясы теориясы да ушул ыкмага негизделген. Масловдун айтымында, муктаждыктар пирамидасынын негизин тамактануу жана дем алуу сыяктуу физиологиялык муктаждыктар түзөт. Андан кийин коопсуздук, таандык болуу, кадыр-барк жана өзүн-өзү актуалдаштыруу кадамдары келет. Бир деңгээлде муктаждыктарын канааттандыра албаган адам жогорку деңгээлдеги муктаждыктарды канааттандыра албайт.

 

 



Тектеш кабарлар