Нехж ал-Фарадис чыгармасы

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-7

2135570
Нехж ал-Фарадис чыгармасы

Нехж ал-Фарадис чыгармасы

 

Урматтуу окурмандар! «Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр» программабыздын бул жолку чыгарылышында Хорезм доорунда жазылган Нехж ал-Фарадис чыгармасынын түрк тилине кошкон салымы жана анын автору тууралуу кеп салабыз.

«Бейиштердин ачык жолу» деген маанини билдирген Нехж ал-Фарадис Хорезм доорунун маанилүү чыгармаларынын бири. Нехж ал-Фарадистин автору - Махмуд бин Али. Бизде автор тууралуу маалымат булактарда өтө чектелүү. Ал Хорезмдин Кердер шаарында туулуп, 1360-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал чыгармасын 1358-жылга чейин жазганы белгилүү.

Нехж ал-Фарадис кырк хадис жанрындагы 444 беттен турган дидактикалык эмгек. Ал төрт бөлүктөн жана кырк бөлүмдөн турат. Ар бир бөлүм хадис менен башталат. Хадистин түрк тилиндеги варианты берилгенден кийин «белгилүү Ислам аалымдарынын эмгектеринен ошол хадистин маанисине жарык бере турган пикирлер жана окуялар» келтирилет; Бул тема дагы башка хадистер жана аяттар менен түшүндүрүлүүгө аракет кылынган. Биринчи бөлүм, азирети Мухаммеддин жакшы сапаттары жана өмүрү жөнүндө. Вахий, Мадинага хижрат, пайгамбардын миражга чыгышы жана өлүмү бул бөлүмдө камтылган. Экинчи бөлүм; төрт халифа, ахли байт; Булар азирети Фатима, Хасан, Хусейн жана төрт мазхаб имамдары жөнүндө. Үчүнчү бөлүм сени Аллахка жакындата турган амалдар жөнүндө. Намаз, зекет, орозо, ажылык, ата-энеге кызмат кылуу, адал тамак, сабыр ж.б. Бул бөлүмдө жакшы иштер баяндалат. Төртүнчү бөлүм Алла Тааладан алыстатуучу жаман иштер жөнүндө. Адилетсиз кан төгүү, зынаа, арак ичүү, жалган дүйнөнү сүйүү, эки жүздүүлүк, жек көрүү жана көрө албастык, текебердик жана кайдыгерлик сыяктуу жаман иштер бул сүрөдө камтылган.

Нехж ал-Фарадистин томдугун караганыбызда анын Хорезм доорунун эң маанилүү чыгармасы экени талашсыз. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр автор «жөнөкөй жана түшүнүктүү» стилди колдонгонун жана бул коомчулукка маалымдоо максатынан келип чыкканын белгилешет. Чыгармасында жаңсоолорду колдонуу менен автор айткысы келген нерсени түшүнүүнү жеңилдеткен. Ар бир теманы түшүндүрүүнү дидактикалык иштер менен бекемдеп, темаларды абдан ачык жана так түшүндүрүп берген. Анын доорунда Курандын түркчө котормолору да жасалганын эске алып, автор Курандын котормолорун коомчулук түшүнүү кыйын деп ойлосо керек, ошондуктан аларды өзү которгон. Түшүндүрмөлөрдү жана жазууларды узун жазып, окуяларды дидактикалык чыгармалар менен колдогон жана мүмкүн болушунча күнүмдүк турмуштан алынган сөздөрдү колдонгон. Автордун мындай аракет кылуусунун эң негизги себеби – анын Исламды тереңирээк түшүндүрүүгө болгон аракети. Бул күнүмдүк жашоодо Исламды кантип жашаш керек экенин көрсөтүү аракети эле.

Бүгүнкү күндө Нехж ал-Фарадистин он бир нускасы белгилүү. Булар; Стамбулдагы Сулеймание китепканасында сакталган эң таза иштелип чыккан көчүрмөсү Жаңы мечит бөлүмүнүн көчүрмөсү. Казандык аалым Шихабеттин Мерканинин китепканасындагы көчүрмөсү да эскерилип, бул нуска кийин жоголгон. Париж нускасынын башталышы жана аягы жок. Эки нускасы Казан мамлекеттик университетинде, бир нускасы Казан мамлекеттик педагогикалык институтунда сакталган. Ленинграддагы Илимдер академиясынын Чыгыш институтунда эки өзүнчө нускасы бар.

Нехж ал-Фарадис боюнча Зеки Велиди Тоган, Фуат Көпрүлү, Янош Экман, Али Фехми Караманлыоглу, Осман Недим Туна, Айсу Ата сыяктуу ири илимпоздор изилдөөлөрдү жүргүзүп, илим дүйнөсүнө таанытышты.

Нехж ал-Фарадис эмгеги жогоруда белгилегендей, орто кылым түрк тили, маданияты жана искусствосу боюнча изилдөөлөр жагынан абдан маанилүү орунга ээ жана абдан баалуу маалыматтарды камтыган эмгек.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программада Хорезм дооруна таандык Нехж ал-Фарадис чыгармасы түшүндүрүлдү.

Программа ТРТнын Түркия үнү радиосунда Назгүл Кадырова тарабынан даярдалды

 

Булактар:

1. Эржиласун, Ахмет. B. (2004). Түрк тилинин башынан жыйырманчы кылымга чейинки тарыхы. Анкара: Акчаг Яй.

2. Куйма, Эрол, (2015). Хорезм доорундагы түрк тили жана чыгармаларына жалпы сереп. Хитит университетинин коомдук илимдер институтунун журналы. 8-жыл, 1-чыгарылыш, июнь 2015-ж., стр. 367-383.

3. Янош Экман, (1956). Nehcü'l-Feradis I, Faxsimile, TDK, Анкара.



Тектеш кабарлар