Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-52

2031572
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар
Mirziyoyev-Macaristan.jpg
erdoğan macaristan.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу сөз кылабыз.

Өткөн апта түрк республикаларында маанилүү иш-чаралар болуп өттү. Эми аларга кезеги менен көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 14-август күнү Гагаузия автономиялык аймагынын төрайымы Евгения Гуцул Орусия Федерациясынын борбору Москвада Гагаузиянын өкүлчүлүгүн ачууну пландап жатышканын билдирди. Аркасынан Молдованын Тышкы иштер жана Европалык интеграция министрлиги билдирүү жасап, Москвада өкүлчүлүк ачуу мүмкүн эместигин билдирди. Евгения Гуцул орусиячыл риторикасы менен белгилүү.

14-15-август күндөрү Орусия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын Премьер-министри Андрей Назаров Казакстанда иш сапары менен болду. Премьер-министр Назаров Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге тиешелүү түрдүү маселелер талкууланды. Башкортостан Республикасынын Премьер-министри иш сапарынын алкагында Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Марат Карабаев менен да жолугушту.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов 15-август күнү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Премьер-министр Арипов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Акылбек Жапаров менен бирге Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан-Өзбекстан өкмөттөр аралык биргелешкен кызматташтык кеңешинин 10-жыйынына төрагалык кылышты. Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да өнүктүрүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын Премьер-министри Ариповду кабыл алды.

16-август күнү Самаркандда Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Саламаттыкты сактоо министрлеринин 3-жыйыны жана 2-Түрк медицина дүйнөсү конгресси болуп өттү. Жыйынга уюмга мүчө өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрлери катышты. Жыйындын соңунда биргелешкен декларацияга кол коюлду. Жыйындын алкагында 16-17-август күндөрү 2-Өзбекстан-Түркия саламаттык сактоо иш форуму болуп өттү.

17-август күнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Сауд Арабиянын Экология, суу жана айыл чарба министри Абдурахман аль-Фадлини кабыл алды. Жолугушууда Казакстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы айыл чарба, соода жана азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу маселелер боюнча кызматташуу темасы талкууланды.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 17-август күнү Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлени кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин учурдагы абалы талкууланды.

17-21-август күндөрү Шинжаң-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчү шаарында “EXPO 4-Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” жарманкеси болуп өттү. “EXPO”нун ачылышына Кыргызстандын Премьер-министри Акылбек Жапаров, Казакстандын Вице-премьер-министри Серик Жумангарин катышты. Премьер-министр Жапаровдун расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 6 келишимге кол коюлду. “EXPO”го 40 өлкөдөн 1300дөн ашык компания катышты.

19-20-август күндөрү Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Венгрияда иш сапары менен болушту. Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапештке барган лидерлер Венгриянын негизделген күнүн майрамдоого жана жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына катышышты.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада түрк республикаларында маанилүү иш сапарлар болду.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар