Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-48

2017030
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар
erdoğan katar.jpg
Erdoğan Suudi Arabistan Bin salman1.jpg
ERDOĞAN
Orta Asya Arap Ülkeleri1.jpg
ŞUŞA.jpg
şuşa.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 17-19-июль күндөрү Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Перс булуңундагы араб мамлекеттери Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтеринде иш сапары менен болду. Эки тараптуу жолугушуулардан кийин Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ортосунда 13 келишимге, Түркия менен Сауд Арабиянын ортосунда 5 келишимге жана Түркия менен Катардын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын 50 жылдыгына арналган орток билдирүүгө кол коюлду. Президент Эрдогандын Перс булуңундагы өлкөлөргө жасаган иш сапары жемиштүү болду. Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти Мохаммед бин Заид аль Нахайян өткөн айда Түркияга иш сапары менен келген эле.

19-июль күнү Сауд Арабиянын Жидда шаарында Борбор Азия-Перс Булуңундагы араб өлкөлөрү кызматташтык кеңешинин саммити болуп өттү. Саммитке Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Сауд Арабия, Бахрейн, Оман, Катар жана Кувейттин президенттери катышты. Саммиттин жыйынтыгында Жидда декларациясы кабыл алынды. Саммиттин алкагында көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар өттү. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев кийинки саммитти өз өлкөсүндө өткөрүүнү сунуштады. Түрк республикаларынын президенттеринин араб өлкөлөрүнө болгон иш сапарлары өз ара мамилелердин эң жогорку деңгээлге жеткендигинин айкын далили. Араб өлкөлөрү акыркы мезгилде Борбор Азия өлкөлөрү менен тыгыз кызматташууга аракет кылып жатышат.

Түштүк Корея Республикасынын парламентинин спикери Ким Жин Пё расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барды. Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда Ашхабадда Түштүк Корея парламентинин төрагасы Түркмөнстандын Калк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Жолугушууда Түркмөнстан-Түштүк Корея мамилелерине тиешелүү түрдүү маселелер талкууланды. Жыйындын соңунда Түштүк Корея парламентинин төрагасына Түркмөнстандын «Бейтараптуулук» мамлекеттик сыйлыгы тапшырылды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында 20-июль күнү Тынчтык жана Эркиндик күнү белгиленди. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар: “Түндүк Кипр Түрк Республикасы Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркиянын жана түрк мамлекеттеринин алмаштырылгыс чеби абалында”, - деди.

18-июль күнү Ирактын күрт аймагынын башчысы Нечирван Барзани иш сапары менен Азербайжан Республикасына барды. Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Бакуда Нечирван Барзанини кабыл алды. Жолугушууда өз ара түз аба каттамдарынын ачылышы, Азербайжандын Эрбилде башкы консулдугун ачуу жана өз ара инвестиция мүмкүнчүлүктөрү маселелери талкууланды.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 19-июль күнү Азербайжанга расмий иш сапар менен барды. Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев премьер-министр Ариповду кабыл алды. Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен Абдулла Ариповдун Бакуда өткөн жолугушуусунда эки өлкөнүн алакаларына байланыштуу түрдүү маселелер талкууланды. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Азербайжанга мамлекеттик иш сапары менен бара тургандыгы билдирилди.

Шуша Глобалдык медиа форуму Азербайжанда 21-23-июль күндөрүндө болуп өттү. “4-Өнөр жай төңкөрүшү доорунда жаңы медиа” деген аталышта өткөрүлгөн форумга 50 өлкөдөн 250 өкүл катышты. Форумга Түрк Мамлекеттер Уюму жана ТҮРКСОЙдун башкы катчылары да катышты. Форумдун ачылышына катышкан Азербайжандын президенти Илхам Алиев аталган форумду жыл сайын өткөрүп турууну сунуштады.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар