Буларды билесиздерби?

Түркиянын биринчи саясий шайлоосун 1909-жылы өткөргөнүн билесиздерби?

1994239
Буларды билесиздерби?

 

Түркиянын биринчи саясий шайлоосун 1909-жылы өткөргөнүн билесиздерби?

Түркияда саясий партиялар катышкан биринчи шайлоо 1908-жылы Осмон империясында жарыяланган Экинчи Мешрутийеттен (Конституциялык монархиядан) кийин болду.

Бул шайлоодо эки партия биринчи жолу ат салышты. Конституциялык монархия алып келген эркиндикте шайлоого эл кубанычтуу катышты. Шайлоо күнү добуштар берилип, шайлоо добул зурнайдын коштоосунда өттү. Ал кезде шайлоо азыркыдай бир күндө эмес, жыйытыкталышы бир нече айга созулган.

Эки этаптуу болуп өткөн жана бир гана эркектер добуш берүү жана шайлануу укугуна ээ болгон Осмон доорундагы шайлоо системасы Түркия Республикасында да узун убакыт колдонулган.

Республика жарыялана элек болсо да, 1923-жылдын 28-июнунда экинчи мөөнөткө депутаттарды белгилөө үчүн өткөрүлгөн шайлоо Түркиядагы биринчи парламенттик шайлоо болду. Ошол эле жылдын 29-октябрында республиканын жарыяланышы менен Мустафа Кемал Ататүрк биринчи президент болуп шайланат.

Алгачкы саясий партиялардын түзүлүшү жана шайлоонун өткөрүлүшү дүйнө өлкөлөрүнө салыштырмалуу кеч болсо да, Түркия Республикасы аялдарга шайлоо укугун берген алдыңкы өлкөлөрдүн бири болду. Мустафа Кемал Ататүрк 1930-жылдагы жергиликтүү шайлоолорго  аялдардын да катышуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Бирок түрк аялдары 1934-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүү менен шайлоо жана шайлануу укугуна ээ болушкан. Ушундайча, 1935-жылдагы парламенттик шайлоодо талапкер болгон 18 аял депутат болуп шайланып, парламентке киришти.



Тектеш кабарлар