Буларды билесиздерби?

Муаззез Илмийе Чыг

1990431
Буларды билесиздерби?

Дүйнөнүн эң белгилүү шумерологдорунун бири түрк экендигин билесиздерби?

Муаззез Илмийе Чыг 1914 -  жылы төрөлгөн жана  шумерология тармагында дүйнөгө белгилүү көптөгөн илимий изилдөөлөрдү жараткан.

Муаззез Илмийе Чыг Анадолунун бай цивилизация тарыхын ортого чыгаруу максатында курулган Тил жана тарых -  география факультетинин шумерология бөлүмүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Анкара университетине караштуу факультетти бүтүргөндөн кийин  немис мугалими университетте калууну сунуш кылат бирок ал бул сунушту кабыл албайт жана Стамбул археология музейинде иштей баштайт. Бул чечими анын өмүрүндөгү бурулуш жер болот.  1973 -  жылы пенсияга чыкканга чейин Стамбул археологиялык музейинин клинопис  документтер архивинде иштейт. Бул архивде табылган үч башка тилде жазылган, саны 75 миңге жакын клинопистиy иретке салынышы үчүн көптөгөн жылдар иштеди. Шумер, акад жана хетт тиледирнде жазылган он миңдеген жазууye тазалап, классификациялап, клинопис менен жазылган документтер архивин түзөт. Эмгек жолунда илимий тармакта сегиз китеп жана көп сандаган макала жазат.

Сансыз эл аралык илимий сыйлыктардын ээси болгон Муаззез Илмийе Чыг изилдөөлөрү менен бир гана Түркияда эле эмес, дүйнө тарыхына да атын алтын тамгалар менен жаздырды.

Пенсияга чыккандан кийин да илимий эмгектерин улантат жана кенен бир окурманга кайрылган бир нече китеп жазат. Бул китептерде шумер жана хетт тарыхын, алардын цивилизация жана маданий баалуулуктарын баары түшүнө ала тургандай бир метод менен жазат.

Дүйнөнүн көпкө жашаган адамдарынын бири да болгон 109 жаштагы Муаззез Илмийе Чыг руху дайыма жаш, Түркиянын заманбап интеллигенти.

 



Тектеш кабарлар