Сиирттин шал шепик кездемеси

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-34

1980303
Сиирттин шал шепик кездемеси

Сиирттин шал шепик кездемеси

Катталган күнү: 14.10.2022

Түркиянын Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан Сиирттин Эрух райондук муниципалитетинин кайрылуусу менен 2022-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген «Сиирт шал шепик кездемеси» жергиликтүү кийимдин эчкинин жүнүнөн жасалган кездемесинин аты. Кездемени өндүрүү үчүн эчкинин жүнү аймакка гана тиешелүү чириш чөптөрүнүн б.а «Асфоделус» тамыры менен крахмалдалат жана табигый тамыр боектору менен боёлот, кездемени өндүрүүдө эч кандай химиялык заттар колдонулбайт. Шал шепик кездемесинин туурасы кеминде 33 сантиметр болсо, анын узундугу 130дан 1300 сантиметрге чейин өзгөрөт. Кышында жылуу, жайында салкын кармоочу өзгөчөлүккө ээ болгон бул кездеменин тарыхы болжол менен 600 жылдык салтка негизделген. Эчкинин жүнүн мохерин жипке ийрип, кол станокторунда шал шепик кездемесин токуу өзгөчө чеберчиликти талап кылат жана бир айга жакын убакыт сарпталат.

 



Тектеш кабарлар