Кырсыкка учураган тик учак, Бафел Талабани жана ПКК/ЙПГ

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

1969908
Кырсыкка учураган тик учак, Бафел Талабани жана ПКК/ЙПГ

    15 -  мартта Ирактын түндүгүндө бир тик учактын кырсыкка учурашы жана андан кийин ичиндегилерге байланыштуу шектенүүлөр менен бирге коомчулукта чоң кызыгуу жаралды.

Алгачкы сааттарда кырсык тууралуу маалыматтар тик учакта кимдердин бар экендигине байланыштуу суроолорду күн тартибине алып келди жана Ирак күрт аймактык башкаруусу урандыдагы сөөктөрдүн  ПКК террордук уюмдун мүчөлөрүнө таандык экендигин билдирди. Андан кийин ПККнын Сириядагы уюму Сирия Демократиялык Күчтөрү өздөрүнө таандык 2 тик учактын кырсыкка учурагандыгын билдирип, бардык көңүлдөр Курдстан патриоттор биримдиги жана Бафел Талабаниге бурулду.

    15 -  мартта Ирактын түндүгүндө Духоктун Чеманке аймагында 2 тик учак бири биринин артынан кырсыкка учурады. Окуядан кийин көптөгөн божомолдор айтылып, Сирия Демократиялык Күчтөрү тик учактардын өздөрүнө таандык экендигин, Сириядан Сүлейманиге машыгуу үчүн барган Антитеррордук күчтөрдүн мүчөлөрү ичинде экендигин кабыл алууга мажбур болду. Билдирүүлөрдө тик учактардын кырсыкка учурашынын натыйжасында Мазлум Абдинин жакын тууганы болгон Антитеррордук күчтөрдүн  башкы командири Шерван Кобани да болгон 9 террористтин өлгөндүгү белгиленди. Эл аралык ДЕАШ менен күрөшүү коалициясынын биргелешкен атайын операция тобу да Мазлум Абдинин твитин бөлүшүп, Сирия Демократиялык Күчүнө көңүл айтты.

Күрдстан демократ партиясынын мүчөсү Ирак күрт аймактык башкаруусунун премьер  - министри Месрур Барзани болсо катуу билдирүүлөрдү берип, ПКК/ЙПГнын тик учактарын өздөрүнөн уруксат албастан аймакта учургандыгын жана бул тик учактардын Күрдстан патриоттор биримдиги тарабынан уюмга берилгендигин айтуусу көңүлдөрдү Күрдстан патриоттор биримдиги жана Бафел Талабаниге бурду.

Сирия  -  Ирак / Сүлеймание линиясында радарларга илинбөө үчүн төмөндөн учууга аракет кылган тик учактардын француз Airbus Helicopters компаниясы тарабынан чыгарылган AS 350  үлгүсүндөгү жалпы максаттагы тик учак экендиги белгилүү болду. Бул тик учактар Ирак күрт аймактык башкаруусунун инвентарына 2016 -  жылы кирген. Иракта АКШ   армиясынын авиациялык подрядчысы да  болгон The 7 Group деп аталган компаниянын инфраструктурасы колдонулган. The 7 Groupтун Эрбил жана Сүлейманиде 2009 -  жылы эки камсыздоо, логистикалык, машыктыруу борбору ачкандыгы айтылууда. Бул компания Канададан үч AS 350 тик учакты Канададан Желал Талабанинин жээни Лахур Талабани курган антитеррордук бөлүктүн колдонулушу үчүн алгандыгы билдирилди. Андан кийин бул тик учактардын Бафел Талабани мезгилинде ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга бөлүнгөнүн көрөбүз.

Бафелдин лидерлигинде Күрт патриоттор биримдиги  -  ПКК карым  - катнашы

Желал Талабанинин лидерлигинде Ирактын түндүк чыгышында курулган Күрт патриоттор биримдиги тарыхы боюнча ПКК/ЙПГ менен жакын карым  - катнашта болуп, Түркия катуу каршы чыккан. Түркия бул карым  - катнашты токтотуу үчүн Күрт патриоттор биримдигине олутуу кысым жасаган жана өзгөчө эгемендүүлүк референдумунан кийин Сүлеймание аэропортуна санкция салып, бул жерди иштебей турган абалга алып келген. Түрдүү экономикалык жана саясий санкциялар менен Күрт патриоттор биримдигинин ПКК менен болгон карым  - катнашын, колдоосун алууга аракет кылган. Күрт патриоттор биримдигинен оң кадамдар ташталары менен санкциялар да жоюлду. Бирок Күрт патриоттор биримдиги менен ПККнын ортосундагы карым  - катнаштар улантылды. Күрт патриоттор биримдигинин ичинде болгон күч күрөшүнөн кийин АКШнын колдоосу менен Бафел Талабанинин Лахур Талабанини четтетип, болгон күчтү колго алуу менен бирге Күрт патриоттор биримдигинин тийиштүү саясаттарында да кайрадан өзгөрүү боло баштады. Мындан мурда Ирандын да таасири менен Күрдстан коомдор биримдиги КЖК/ Кандил менен карым  - катнашта болуп, Бафел Талабанинин күчтү колго алгандан кийин АКШнын колдоосунда ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ менен Күрдстан патриоттор биримдигинин ичинде бийлигин бекемдегенден кийин ЙПГга жардам берүү билдирүүлөрүн бере баштады.  Алгачкы мезгилдерде жашыруун жүргүзгөн карым  - катнаштарын барган сайын көрүнө турган абалга алып келүүдөн тартынган жок. АКШ учагы менен Сириянын түндүгүнө барып, ЙПГнын маанилүү лидерлери, өзгөчө Мазлум Абди менен жолугушууларды өткөрдү.

Эми болсо болгон тик учак кырсыктарынан кийин бул карым  - катнаштын саясий колдоо берүүдөн башка операциялык экендиги ачыкка чыкты.  Тик учактардын учуу жолунда АКШнын көзөмөлү бар экендиги эске алынса, тиешелүү тик учак операцияларынын АКШнын көзөмөлү астында жүргүзүлүп жаткандыгы көрүнүүдө. Түркия узун убакыттан бери ишке ашырып жаткан куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын операциялары менен бул аймактарда ПКК/ЙПГнын моблизациясын токтотуп, бир альтернатив катары радарга илинбей тургандай түрдө төмөндөн учкан тик учактар менен уюмдун лидер кадрынын ташылгандыгы көрүнүүдө. Бул болгон окуяларды жана карым  - катнаштар желесине көңүл бурганда АКШнын Бафел Талабани аркылуу Күрт патриоттор биримдигин ЙПГнын Ирак жана Сирияда мыйзамдашуусу жана маанилүү бир актер болушу максатында колдонулгандыгын байкап жатабыз. Бафел Талабани болсо бул жаңы карым  - катнаш  менен ЙПГны Ирактын ичиндеги күрт  тең салмактуулугунда Күрт демократиялык партиясына каршы   колдонууга аракет кылууда.

АКШ үчүн өзгөчө ПККнын ичиндеги тең салмактуулуктарда да Күрдстан коомдор биримдиги КЖК/ Кандилден башка ЙПГ лидерлеринин алдыга чыгышы үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн. Ушул эле теңдемеде Бафел Талабанинин Элдердин демократиясы партиясынын (HDP) Нооруз майрамына Өжаландын да атын атап, лидерлерибизди бошоткула деген чакыруу салышы, Элдердин демократиясы партиясынын актерлору менен ПЙД/ЙПГнын Өжаландын бошотулушу тууралуу системалуу чакырууларды жасай башташы маанилүү. АКШ Түркиядагы шайлоонун жыйынтыктарына карата ПЙД/ЙПГны Күрт патриоттор биримдиги менен да бекемдеп Түркияга кабыл алдыра аларын, бул жерде Өжаланды да  кайрадан актер кылуу эсебин ойлоп жатат. Бирок Бафел Талабанинин өзүн ашкан бул ыплас оюнуна өзү түшүп калуу ыктымалы абдан жогору. Түркиянын душмандары менен дос болуу Түркиянын да душманы деген мааниге келет. Мындан Күрт партиоттор биримдиги менен Бафел Талабани эң көп зыян тартат.



Тектеш кабарлар