Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-29

1960367
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Түрк республикаларында маанилүү иш сапарлар жана форумдар өткөрүлдү, Түрк дүйнөсүнүн жазуучулар биримдиги түзүлдү. Эми бул окуяларга кезеги менен көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 9-март күнү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду кабыл алды. Жолугушууда биргелешип ГЭС куруу, темир жол салуу сыяктуу Өзбекстан-Кыргызстан мамилелерине тиешелүү  маанилүү маселелер талкууланды. Мындан сырткары Шавкат Мирзиёев менен Акылбек Жапаров аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты. Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров иш сапарынын алкагында Ташкентте Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен да жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 15 келишимге кол коюлду, өз ара соода үйлөрүн ачуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг 7-10-март күндөрүнүн аралыгында Өзбекстанда расмий иш сапары менен болду. Батцэцэг Ташкентте Өзбекстандын тышкы иштер, транспорт, инвестиция жана соода министрлери менен жолугушту. Монголиянын тышкы иштер министринин Өзбекстанга жасаган иш сапары Монголиянын тышкы иштер министри тарабынан акыркы 30 жылда бул өлкөгө жасалган  биринчи сапар болду.

Тажикстан Республикасынын Президенти Имамали Рахман 9-март күнү Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды. Кабыл алууда эки тараптуу жана аймактык маселелер талкууланды. Тышкы иштер министри Мередов иш сапарынын алкагында Тажикстандын тышкы иштер министри Сиражеддин Мухриддин менен да жолугушту. Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедовдун апрель айынын башында Тажикстанга расмий иш сапар менен бараары билдирилди.

10-март күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Жолугушууда ЖККУнун ишмердиги жана аймактык коопсуздук маселелери талкууланды. Быйыл Кыргызстанда “Бузулбас боордоштук-2023” аскердик машыгуусу өтөт. Ушул жерде баса белгилей кетели, Армения аты аталган уюмдун башкы катчысынын орун басары кызматына башкаруучу жибербей турганын билдирди.

Өткөн аптада Түрк республикаларында эки маанилүү форум өткөрүлдү. Азербайжандын Президентинин эгедерлиги астында 9-11-март күндөрүнүн аралыгында 10-Баку форуму болуп өттү. Эл аралык “Низами Генжеви” борбору уюштурган “Бүгүнкү дүйнө: тобокелчиликтер жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу форумдун ачылышына президент Илхам Алиев катышты. Форумга араларында 29 мурдагы жана азыркы президент, 2 премьер-министр, 6 парламент төрагасы болгон 61 өлкөдөн 360 өкүл катышты. Президент Илхам Алиев форумдун алкагында көптөгөн эки тараптуу кабыл алууларды жасады. Акыркы он жылдын ичинде Эл аралык Баку форуму олуттуу эл аралык платформага айланды.

9-10-март күндөрүнүн аралыгында Ашкабат шаарында “Климаттын өзгөрүшү шартында азык-түлүк коопсуздугу боюнча өнөктөштүк” аттуу эл аралык форум болуп өттү. Форумга Ирандын вице-президенти, Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлери, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Форумдун соңунда айрым келишимдерге кол коюлду.

Өткөн жумада түрк республикаларынын маданий карым-катнаштарын бекемдей турган окуя  болду. 6-март күнү ТҮРКСОЙдун кеңсесинде чогулган Түрк республикаларынын жазуучулар биримдиктеринин жетекчилери ТҮРКСОЙ Жазуучулар биримдигин түзүштү. Казакстан Жазуучулар биримдигинин башчысы Улугбек Есдаулет ТҮРКСОЙ Жазуучулар биримдигинин төрагасы болуп шайланды. Март айынын аягында Өзбекстанда ТҮРКСОЙ Жазуучулар биримдигинин биринчи жыйыны өтөт.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар