Швециянын кош стандарттары

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын  бул тууралуу пикири.

1938914
Швециянын кош стандарттары

Швецияда даниялык ашыкча оңчул саясатчы Палуданын түрк элчилигинин алдындагы Куран Каримди өрттөө аракети жаңы бир талаш  - тартышты баштады.

Буга чейин да ушундай агрессивдүү аракеттерди жасаган жана ушул себептен Данияда соттолгон Палудандын бул ишти Швецияда жасаганы таң калтыруучу абал. Анткени Швеция НАТОго мүчөлүк процессинде Түркиянын колдоосуна муктаж жана ПККга карата саясатынан улам Түркиядан али оң жооп ала элек. Ушул себептен маселе исламга каршылык менен эле чектелбейт. Бирок, бул агрессивдүү аракетке сөз эркиндиги деген түшүнүк менен кароо туура эмес жана кооптуу.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын  бул тууралуу пикири.

Маселенин негизги бөлүгүн бул аргессиялык аракеттин укуктук жагы түзүп жатат.

Швеция мекемелеринин бул аргессиялык аракетке сөз эркиндиги деген негиз менен уруксат бериши адам укуктарын жана сөз эркиндигинин чегинен чыккан жагдайды түзүүдө. Юридикалык жактан иликтенгенде жасалган билдирүүлөр укуктук негизге таянбастан, сөз эркиндиги сыяктуу «симпатиялык» бир түшүк аркылуу саясий бир мамилени түзүү ниетин көрсөтүүдө. Швеция жана Түркия болгон 46 Европа мамлекети тарап болгон Адам укуктары боюнча Европа Конвенциясынын бул тууралуу 10 - беренесинин 1 - пунктунда «сөз эркиндиги» деген теманын астында “ар бир адам өз оюн билдирүү жана түшүндүрүү эркиндигине ээ” деген сөз менен аныктаган.

Мындай кырдаалда адамдар каалаганын айта алышабы? Андай болсо,  айткандары миллиондогон кишиге, ал түгүл бир кишиге зыянын тийгизе турган болсо анда сөз эркиндиги  дагы деле корголушу керекпи?

Бул суроолордун жообу  негизинен 10 – беренеде берилген. Сөз эркиндигин аныктаган 10 - берененин 2 - пункту бул укуктун чексиз эместигин ачык көрсөтүп ; «Ишке ашыруу жана жоопкерчиликти жүктөгөн бул эркиндиктер... улуттук коопсуздуктун, жеринин бүтүндүгүнүн же коомдун коопсуздугунун коргоого алынышы, коомчулуктун тартибинин түзүлүшү жана кылмыш кылууну алдын алуу, ден соолук же адеп  - ахлактын, башкаларынын аброюн жана укуктарынын коргоого алыныш же сот күчүнүн кадыр  - баркы жана калыстыгынын түзүлүшү үчүн мыйзамда белгиленген формадагы шарттарга, чектөөлөргө жана санкцияларга дуушар болушу мүмкүн»,- деп айтылууда.

Бул жоболордун конкреттүү окуяларга колдонулушуна байланыштуу  Европа Адам Уккутары Сотунун көптөгөн чечими, башкалардын аброюн жана укуктарын коргоо критерийлерин биринчи планга койду. Сот сөз эркиндигинин, башкаларды расасы, тили, дини же жынысына карата  кемсинтүү укугу катары карала албай тургандыгын баса белгилеген. Ушунун негизинде Сот сөз эркиндигинин чегин аныктоодо пропорционалдык же “укуктар ортосундагы тең салмактуулук” принциптерин колдонгон.

Швецияда Куран Каримди өрттөгөн адамдын Куран тууралуу көз караштарын, ишенген адамдардын ар  - намысына шек келтирбестен айтуунун көптөгөн жолу болсо да муну башкалардын укук жана кадыр  - баркына доо келтире тургандай аткарышы ачыкча пропорционалдуу эмес деп эсептелиши керек. Акыйкаттан да сот динге карата айтылган пикирлер жана  динге ишенгендерди түздөн - түз бутага алып жатабы же ыйык символдорго кол салуубу, аныктоо зарыл деген пикирде экенин билдирди.

Соттун мындай мамилесинин алкагында миллиарддаган киши ишенген Куран Каримди өрттөө мыйзамдуу сөз болушу мүмкүн эмес.  Швециянын саясий жана сот органдары тарабынан бул диспропорцияга көңүл бурбашы негизинен Швециянын Европа Адам Укуктары Сотунун дин жана абийир эркиндигин жөнгө салган 9 -  беренесин жана бөлүүчүлүк тыюу салуусун иретке салган 14 -  беренесин бузууда, өзгөчө мусулмандардын негизги укуктарына зыян келтирүүдө. Ошондуктан Швециянын тышкы иштер министринин өлкөсүндө " кеңири сөз эркиндигинин  мейкиндиги бар" сыяктуу жагымдуу билдирүүлөр аркылуу башка негизги укуктарга кол салуу укугуна ээ боло албасы көрүнүүдө.  

Швеция жана башка бир нече өлкө террордук уюм катары кабыл алган ПККнын Швецияда ишке ашырган митингдерине үнсүз калуусу тууралуу да Европа Адам Укуктары Сотунун чечимдери бар.

Бир доодо сот тыюу салынган бир террордук уюм тарабынан жарыяланган басылмалар жана билдирүүлөр автордун мүнөзүн гана эмес, сөз болгон жазуунун мазмуну жана жарыяланышынын арткы планына да көңүл бурулуу менен террористтик кылмышты жасоого же терроризмдин акталышына карата  коркунучка жол ача турган болсо,   сөз эркиндигинин чегинде каралышы мүмкүн эмес деп белгиленген. Ушунун негизинде сот макаланын мазмунунун аймакта зомбулукту көкүтүшү мүмкүн деген чечимди чыгарган.

Швецияда уруксат берилген жана ПКК террордук уюмунун жактоочуларынын террор үгүтүн жүргүзгөн митингдерине уруксаттын берилиши ачыкча «террордук кылмыштын иштелишине же террордун акталышына карата коркунучу» бар. Террордук уюмунун белгилерин жана «баарыбыз ПККбыз» деген сөздөрүн борборго алган бул аракеттер ачыкча террордун жана мыйзамсыз зомбулукту актоо мүнөзүнө ээ. Европа Адам Уккутары Сотунун ачык юриспруденциясы бул абалдардын сөз эркиндигинин чектеринин тышында экендигин көрсөтүп жаткандыгына карабастан бул аракеттерге уруксаттын берилиши сөз эркиндиги менен билдириле албайт. Швециянын бул аракеттерге «сөз эркиндиги» деген шылтоо менен көз жумуусу, террор менен шектелген же айыпталган кишилерди тапшырбастан, соттобостон өлкөсүндө жашатуусу мыйзамсыз саясий бир тандоо мүнөзүнө ээ.

 



Тектеш кабарлар