Мерсин Тантуниси

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-21

1937336
Мерсин Тантуниси

Мерсин Тантуниси

Катталган күнү: 21.03.2017

Түркиянын Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Мерсин шаарынын эң белгилүү тамактарынын арасында орун алган «Мерсин Тантуниси» 2017-жылы Мерсин чакан ишканалар жана кол өнөрчүлөр палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Тантунини башка эт тамактарынан айырмалап турган эң негизги өзгөчөлүк - аны жасоодо уйдун майлуу кабыргасы менен пахта майын колдонуу жана даярдоодогу чеберчилик болуп саналат. Майлуу уйдун эти атайын бычак менен өтө кичинекей кубик түрүндө кесилип, казанда 20 мүнөттөй бышырылат. Бышкан эт андан соң ортосу чуңкур түрүндөгү атайын тантуни көмөч казанына салынып, ага пахта майы, кызыл калемпир, сумах, туз кошулуп туруктуу отто аралаштырылып куурулат. Бышкан эт тантуни казанынын ортосунан алынып, казандын четине салынат. Тантуни эти нанга же лаваш нанына арасына өтө майда тууралган помидор, пияз жана петрушка аралашмасы менен бирге салынып, үстүнө лимон сыгып берилет. Табактын жанына туздалган бадыраң, көк чөптөр, суусундук катары айран же шалгам ширеси тартууланат.



Тектеш кабарлар