Буларды билесиздерби?

Милас жана зайтун өстүрүү

1937278
Буларды билесиздерби?

Түркиянын түштүк батышындагы Миласта зайтун өстүрүүнүн адамзат тарыхынчалык эски экендигин билесиздерби?

Түштүк - Батыш Анадолунун Мугла облусунун Милас району Жер Ортолук деңиз климатынын өсүмдүктөрү менен капталган жана бул өсүмдүктүн эң өзгөчө дарактарынын бири зайтун дарагы. Милас дегенде эске тарых жана зайтун келет. Эгей аймагынын жана Түркиянын эң негизги  зайтун өндүрүү борборлорунун бири болгон Миласта биздин заманга чейинки адамзат турмушу аныкталган мезгилде да зайтун дарактарынын бар экендигине кездешилген.  Зайтун өстүрүү байыркы доорлордон күнүбүзгө чейин Миласта негизги тиричилик булагы болгон.

Тарыхтын ар кайсы мезгилдеринде баскынчылар тарабынан талкаланган шаардын зайтун бактары да согуштардан улам чоң зыянга учураган.

Аймактагы зайтун бактары өткөн доорлордо зыян тарптаганда бүгүн Милас ээ болгон зайтун бактарынын  2 – 3 эсесине ээ болору  айтылууда.

Аймакта табигый түрдө өскөн зайтун дарактары адам колу менен кыйыштырылат. Кыйыштырылган зайтун дарактары тоолордо, адырларда өстүрүлүп зайтун өстүрүлгөн аянтка айланууда. Бул салт адамзат  тарыхы боюнча улантылып келген.

Милас зайтун бактарында эң көп кездешилген түрү «Мемежик». Зайтун бактары негизинен тоолуу аймактарда, жантайма жерлерде жана какыраган талааларда болгондуктан сугаруу мүмкүн эмес.

Ушул себептен зайтундар тамыры жетилгенге чейин жамгыр суусу же жер астындагы суулар менен азыктанышат. Бул зайтундун кычкылдуулугун азайтып, даамын жогорулатат. Милас зайтун майынын өндүрүлүшү байыркы доордон бери сапаттуу өстүрүлгөн Мемежик зайтундарынын пайдаланылышынан келип чыгат.



Тектеш кабарлар