Синоп боябат сырык кебабы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-14

1915534
Синоп боябат сырык кебабы

Синоп боябат сырык кебабы

Катталган күнү: 28.09.2020

Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги Синоп шаарынын Боябат районуна гана тиешелүү болгон «Боябат сырык кебабы» райондун Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен 2020-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Боябат сырык кебабы – козу этинен жасалган табигый туз гана колдонулган «Караяка» деп аталган тамактын бир түрү. Кебабды жасоодо козунун эти ошол эле күнү союлуп, эң көп дегенде 2 сааттын ичинде мешке салынышы абдан маанилүү. Бышыруу алдында ички органдары алынган козунун ички бөлүгү таш тузу менен туздалат. Ичке жагы мойнунан чыга тургандай түрдө узундугу 2 метр болгон шыргыйга сайылган козунун алдыңкы жана арткы буттары артка тартылып байланат. Козунун алдыңкы буттары муундарынан кесилип, көкүрөктө тешилген тешиктерге жайгаштырылат. «Чактоо» деп аталган бул процедурадан кийин курсак жагы жыгач таяк менен тигилет. Ал арада таш мештин эки четинен карагай отун жагылып ысытылат. Сырык кебабы мешке коюлгандан кийин тердеп баштаганга чейин жай отто бышуусу керек, андан кийин от күчөтүлөт. Койдун эти бышып жатканда агып турган майды чогултуш үчүн астына патнос коюлат. Бул майды бышыруунун акыркы бир саатында чөмүч менен козунун денесине куюп, эттин жумшарышын жана кызарышын камсыздайбыз. Боябат сырык кебабынын айлануу убактысы орто өлчөмдөгү козу үчүн болжол менен 4 саатты түзөт. Бышыруу процессинин акырында курсактын тешигинен чыккан туздуу суу идишке алынып, койдун сырткы бөлүгүнө куюлат. Бул ыкма менен эт да даамдуу болот жана туз кошууну талап кылбайт. Кебаб мештен алынгандан кийин муздагыча күтүлөт. Салт боюнча муздак түрдө колдонулган кебабдын жанына кошумча соустар жана татымалдар коюлбайт, помидор жана пияз салаты менен берилет.



Тектеш кабарлар