Кыргызстанда өткөн Президенттик шайлоо жана референдум...

Евразия күндеми-3

1568679
Кыргызстанда өткөн Президенттик шайлоо жана референдум...
kırgızistan seçim 2.jpg
kırgızistan.jpg
Kırgızistan Başbakanı Sadır Caparov Basın Toplantı5.jpg

Урматтуу угармандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасынын бул чыгарылышында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн Президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум тууралуу кеп салабыз.

Үcтүбүздөгү жылдын 10-январында Кыргызстанда Президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүлдү. Президенттик шайлоодо 17 талапкер ат салышышты. Шайлоо жыйынтыгына ылайык, Садыр Жапаров шайлоочулардын 79 пайызынын добушун алып, жеңишке жетишти. Президенттик жарышта экинчи болгон Адахан Мадумаров шайлоочулардын 6 пайызынын колдоосуна ээ болду. Калган талапкерлер 2 пайыз жана андан төмөн добуш алышты.

Шайлоочулар Кыргызстанда жана чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө уюштурулган 2522 участкада добуш беришти. Кыргыз Республикасынын  шайлоо укугуна ээ 3563574 жаранынын 39,33 пайызы, башкача айтканда 1401726 киши шайлоого катышышты. Шайлоого катышуу деңгээлинин төмөндүгүн, кыргыз калкы саясий оюндардан тажады деп чечмелөөгө болот. 2020-жылдын 4-октябрында болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышына себеп болгон “Форма-2нин” бул шайлоодо республиканын ичинде колдонулбаганы да шайлоого катышуу деңгээлинин төмөн болушуна алып келди. Шаарда жашаганы менен пропискасы элетте болгон жарандар кычыраган кыштын убагында добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына барышкан жок.

Шайлоочулар Президенттик шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча да өз добуштарын беришти. Референдумга катышкан шайлоочулардын 81,29 пайызы президенттик башкаруу үчүн, 10,85 пайызы парламенттик башкаруу үчүн, ал эми 4,43 пайызы болсо баарына каршыга добуш беришти. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, шайлоочулардын 30 пайызы добуш берген учурда референдум болуп өттү деп эсептелет. Референдумдун жыйынтыгына ылайык, Кыргызстан кайрадан президенттик башкаруу системасына кайтып келди. Президенттик башкаруу системасынын кандай иштей тургандыгы жакынкы келечекте такталат.

Шайлоо күнү мыйзам бузуулар боюнча 50 арыз келип түшкөн. Бирок бул арыздар шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизе тургандай көлөмдө эмес болчу. Эл аралык байкоочулар шайлоонун мыйзам чегинде өткөнүн белгилешти. Бир гана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулары шайлоо өнөктүгү учурунда талапкерлердин бардыгына бирдей шарттардын түзүлбөгөндүгүн билдиришти.

Садыр Жапаров 50 күндүн ичинде ант берип кызматына киришет. Жапаровду алгачкылардан болуп Ооганстан, Казахстан, Россия, ϴзбекстан жана Түркиянын президенттери, Түрк Кеңеши, ТҮРКСОЙ, ТүркПА сыяктуу эл аралык уюмдар куттукташты. АКШ, Кытай жана Европа Биримдиги шайлоонун жыйынтыгын тааный тургандыгын жарыялашты. Жапаровдун чет өлкөгө алгачкы иш сапары Казахстанга боло тургандыгы билдирилди.

Урматтуу окурмандар,  Кыргызстанда Президенттик шайлоо жана референдум өткөрүлгөнү менен өлкөдөгү саясий чыңалуу уланууда. Анткени президенттик башкаруу системасынын кандай боло тургандыгы азырынча тактала элек. Мындан сырткары быйыл парламенттик шайлоо кайрадан өткөрүлөт. Кыргызстандын экономикасы пандемиядан улам аябай начарлады. Калк жаңы шайланган президенттен жана жетекчилерден кыска убакытта маселелерди чечүүнү күтүп жатышат. Ушул нерселер өлкөнүн саясий атмосферасы жакынкы убакыт аралыгында чыңалган абалда боло турганынан кабар берет.

Жапаров шайлоодо жеңишке жетишкенден кийин жасаган билдирүүсүндө Түркия менен мамилелерди жаңы баскычка чыгаргысы келгендигин жарыялады. Жапаровдун президенттиги учурунда Кыргызстан-Түркия мамилелеринин өнүгө тургандыгын болжосок болот.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар