Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Москвага иш-сапары

Евразия күндеми-11

1376509
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Москвага иш-сапары

Ардактуу окурмандар! «Евразия күндеми» аттуу программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Москвага иш-сапары тууралуу кеп кылабыз.

 Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Москвага бир күндүк расмий иш-сапарын жасады. Эрдогандын иш-сапарынын негизги темасы Идлибдеги кризис болду. Баарыбызга маалым болгондой эле, 27-февраль күнү 34 түрк жоокери Идлибге жакын жерде шейит болуп, түрк армиясы Сирия режиминин аскерлерине сокку уруу аркылуу аларды кѳптѳгѳн жоготууга учуратты. Түркия чек арасына карай Идлибден жаңы кѳч агымы башталды. Кыскача айтканда, Идлибде чыңалуу пайда болду.

5-мартта Кремлде тар форматта ѳткѳн жолугушуудан кийин Сириядагы тынчтыкка кепил ѳлкѳлѳр болгон Түркия жана Россиянын макулдашууга жетишкендиги жарыяланды. Бул макулдашууга ылайык, 6-марттан баштап Идлибде ок атышуу токтотулду. М4 шоссесинин түндүк тарабынан 6 километрди, түштүк тарабынын 6 километрди ичине камтыган коопсуз коридор түзүлѳт. Мындан сырткары түрк жана орус жоокерлери 15-марттан тартып аймакта биргелешкен күзөт иштерин жүргүзѳ башташат. Бул макулдашуу бир гана Идлиб маселесинин чечилиши үчүн эмес, Түркия-Россия мамилелеринин келечеги, региондо стабилдүүлүктүн сакталышы үчүн да аябай маанилүү эле.

Москвада макулдашууга жетишүү эки мамлекет үчүн тең пайдалуу болуп саналат. Россия, Түркия менен мамилесин бузса энергетика, транспорт, коргонуу, азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу стратегиялык маанидеги тармактарда ишенимдүү шериктешинен ажырап калмак жана Түркиянын ордун толуктоо, Кремлге оңойго турмак эмес. Россия Карадеңиз аймагы, Түштүк Кавказ, Жакынкы Чыгыш жана Африканын түндүгүндѳ тоскоолдуксуз иш алып баргысы келсе, Түркия менен жакшы мамиледе болушу керек. Орус туристтери үчүн Түркиянын ордун толтура ала турган башка мамлекет табуу кыйын.

Эгер орус бийлиги Сирия маселесинен улам Түркия менен душман болууну ойлонуп жатса, Россия Федерациясынын курамындагы жана Кѳз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аймагындагы түрк тектүү жана мусулман калктардын Түркияга карата боордоштук мамилесин жана позитивдүү пикирлерин эсепке алуусу керек. Түркиянын аты аталган аймактарда аброю абдан жогору экени маалым.

Сириянын түндүгүндѳ коопсуз аймак жаратуу, Түркия үчүн зор мааниге ээ маселе болуп саналат. Аймактын террористтерден тазаланышы жана сириялык качкындардын агымынын токтошу үчүн коопсуз аймактын түзүлүшү шарт. Сирия кризиси башталганда Сирияга кирген глобалдык күчтѳрдүн кѳпчүлүгү белгилүү мезгилден кийин чыга качып, азыр кризиске алыстан байкоо салып  олтурушат. Ошондуктан Түркиянын батыштагы өз чек арасын качкындарга ачканы туура кадам болду десек болот. Түркия кризис башталган күндѳн бери сириялык качкындарга чоң жардам берип, жогорку деңгээлде меймандостук көргөздү. Түркия качкындарды Сириянын түндүгүндөгү коопсуз аймакка жайгаштыруу аркылуу маселени түп тамырынан чечүүнү кѳздѳѳдѳ.

 2020-жылдын 5-март күнү жетишилген түрк-орус макулдашуусу Сирия кризисин толугу менен чечпегени менен кепил өлкөлөрдүн өз ара сүйлөшүүлөрүн туңгуюкка кептелүүдөн сактап калды. Макулдашуу протоколунун арап тилинде даярдалбаганы, Асаддын Түркия тууралуу жылуу сѳздѳр сүйлѳй баштаганы кризистин жоюлушунда Түркия жана Россия факторлорунун мындан ары дагы да маанилүү боло тургандыгын билдирет. Түркия кийлигишпесе бул кризистин чечилбей тургандыгы “Жаз калканы” аскердик операциясы аркылуу дагы бир жолу тастыкталды.

Режеп Таййип Эрдоган менен Путин 5-март күнү саясат менен дипломатиянын маанилүү экендигин дагы бир жолу тастыкташты. Маселелерди чечүү үчүн жогорку деңгээлдеги мындай жолугушуулар мындан ары да боло бермекчи.

Программаны эфирге даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар