Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-59

Кыргыз адабиятынан Өскөн Даникеевдин “Кыздын сыры” повести

1271330
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-59

           Урматтуу китеп күйөрмандары, биз –бүгүнкү уктуруубузда кыргыз адабиятынын жазуучусу Өскөн Даникеевдин чыгармачылыгынан жана анын “Кыздын сыры” аттуу повесинен кеп салабыз.

           Кадырлуу окурмандар, кыргыздын чыгаан жазуучуларынын бири Өскөн Даникеев кыргыздын философу катары да таанымал. Ал жазган эмгектери менен кыргыз эл жазуучусу наамына татыктуу болгон. Алгач Өскөн Даникеевдин өмүр-баянына кайрылсак, жазуучу 1934-жылы Сокулук районунун Чоң-Жар айылында жарык дүйнөгө келген. Ал алгачкы мектепти өз айылынан окуп, кийин Бишкек шаарындагы номер 5-инчи мектепке которулган. Ошол мезгилде мамлекет эң жакшы окугандарды Москва, Ленинград сыяктуу чоң шаарларга окууга жөнөтүп турган экен. Мына ушул программа менен жазуучу Москвага барып Тоо-кен институтун 1956-жылы аяктап келген. 1956-1962-жылдары өз кесиби боюнча Кыргызстандын кендеринде Кыргыз ССР Эл чарба советинде жетектөөчү инженер болуп кызмат өтөгөн. Ал эми 1962-1975-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда алгач катардагы окутуучу, кийин кафедранын доценти болуп иштеген. Билим берүү тармагында биринчи болуп кыргыз тилинде “Сызма геометрия” окуу китебин жазган. Мындан тышкары “Инженердик графика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн” түзүп чыккан. 1977-жылы жазуучу Москвадагы СССР Жазуучулар Союзунун алдындагы Горький атындагы адабият институтунун жогорку адабий курсун аяктаган. Адегенде “Ала-Тоо” журналынын проза бөлүмүн жетектеп, андан соң жазуучулар уюмунун адабий кеңешчиси катары кызмат өтөгөн. 1984-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланган. Даникеевдин чыгармачылык жолунун башаты 60-жылдарга таандык. Эң алгачкы аңгемеси “Бакир” 1961-жылы чыгып, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган. Кийин “Кыздын сыры” аттуу повести жарык көрүп, орус, француз жана башка тилдерге которулуп, ушул баян боюнча көркөм фильм тартылган. Жазуучунун “Көкөй кести” аттуу романы жарык көрүп, 1986-жылы ушул романы үчүн Токтогул атындагы сыйлыкка ылайык көрүлгөн. Даникеев чыгармачылык жолунда бир топ чет элдик жазуучуларынын чыгармаларын которуп, алардын драмалык чыгармалары облустук жана республикалык театрларда коюлган. Автор СССР жазуучулар союзунун адабий фонд башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын шайлоолор боюнча Борбордук комиссиясынын, ошондой эле республикалык, эл аралык бир катар уюмдардын мүчөсү болгон. 1984-жылдан бери Кыргызстан тынчтык фондусунун төрагасы жана Кыргыз совет энциклопедиясынын техникалык редакциясынын мучөсү болгон. Жазуучунун жыйырма чакты китеби жарык көргөн. Ал Эл агартуунун жана СССР  Куралдуу күчтөрүн маданий жактан тейлөө озипасынын отличниги, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору. III даражадагы “Манас”, “Ардак белгиси” ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл Жазуучусу” жана 2003-жылы “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” деген наамдар берилген. Анда эмесе кепти “Кыздын сыры” повести менен уланталы.

         Өскөн Даникеевдин “Кыздын сыры” повести жазуучунун жүзүн элге тааныткан жана ийгилик алып келген чыгарма болгон. Чыгармада кенчилердин турмушу сүрөттөлгөн. Повесттин башкы каарманы – Жамал, инженер геологдун окуусун ийгиликтүү аяктаган жаш селки. Автор бул чыгармасында таякесинин колунда жүрүп, бойго жетип, инженер геологдук кесипке ээ болуп институтту бүтүрүп чыкканга чейинки Жамалдын бүтүндөй өмүр жолун, оош-кыйыштуу тагдыр таржымалын, психологиялык кылдаттыкта чечмелеп бере алган. Башкы каарман Жамал нур жүздүү, уяң кыз болот. Айылына Азим аттуу жигиттин геолог болуп иштеп келген күндөн баштап анын жашоосу, кыялы, үмүтү өзгөрөт. Аны тымызын сүйүп жүрөт. Азим да карындашы катары жакшы мамиле жасап, жамандыктардан коргоп келет. Анын келечегин түзүп берүү үчүн көп күрөшөт. Жамалды жакшы көргөн жигиттер Азимге жалаа жаап бир топ кыйынчылык туудурат. Жамалдын оңой эмес тагдыры менен күрөшкөн Азим акыр-аягы айылдан шаарга окууга алып чыгат. Мына ошентип Жамал университетке өтүп сүйүнүп, Азим менен бул сүйүнүчүн бөлүшкүсү келет. Муну менен катар ал жүрөгүндөгү эч кимге айтпаган сырын, Азимге болгон сүйүүсүн да алдыдагы жолугушууда айтаарын болжойт. Ошентип, Жамалдын Азимге жолугушуу убактысы келип сүйүнүп утурлай астынан тосуп чыгат. Ушул учурда Жамал үчүн күтүлбөгөн таанышуу болот.  Азыр эле сырын айтууга камданган Азим байкеси жолугушууда Жамалга өз жарын, жеңеси катары тааныштырат. Мына ошентип чыгарманын соңунда институтту ийгиликтүү аяктаган Жамалдын жан дүйнөсүнүн сыры катылуу боюнча калганы баяндалат.   

                 Окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан Өскөн Даникеевдин “Кыздын сыры” повести абдан кеңири тарап, кыргыздын улуу акын-жазуучулары да бул чыгарма боюнча өз пикирлерин калтырышкан. Мисалга алсак, кыргыздын белгилүү жазуучусу, акын Анатай Өмүрканов Даникеевдин чыгармаларына баа берген төмөнкү ыр саптарында да “Кыздын сыры” повестинин наркы баамдалат.

Анда:

                  Баарын айтпайм,

                  “Кыздын сыры”, “Кызыл аска”,

                  Капырай бирдей жакты кары-жашка.

                  Багбанмын деп баскандар көп,

                  А бирок, бирок,

                  Өсөкемдин алмасынын даамы башка” деген экен жазуучу.

           Бул чыгарманын бир топ тилге которулганы повестин ийгиликтүү жаралганынан кабар берет. Эгерде Өскөн Даникеевдин “Кыздын сыры” чыгармасын али окуй элек болсоңуздар, сөзсүз түрдө барактап чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар