Иракка карата кургактык операциясы

Апталык анализ - 11.2024

2116055
Иракка карата кургактык операциясы

Акыркы мезгилдерде түрк саясий чечим чыгаруучулар Иракка бат бат барып тийиштүү кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү баштап, президент Эрдоган да маанилүү маалымат берип, жаз жана жай айлары менен бирге Түркиянын Иракта азыркы учурда уланып жаткан аскердик операцияларын кеңейте тургандыгын,  жана чек ара линияларын толугу менен коопсуздук астына аларын билдирди. Бул бардык абалдар жана аймактагы аскердик моблизация Түркиянын Иракта жаңы аскердик операцияларды баштай тургандыгын көрсөтүүдө.

 СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.

 Түркия көп жылдардан бери ПКК террордук уюмуна каршы күрөшүү үчүн Ирактын түндүгүндө аскердик операцияларды жүргүзүүдө, бирок өзгөчө 2016 - жылдан кийин Түркия аскердик кыймыл стилин өзгөртүп, аймакта туруктуу негизде база түзө баштады. «Чечкиндүүлүк операциясы» деп аталган процесс менен Хакурктан Запка чейин созулган тоо кыркаларында аймактын үстөмдүгүн орнотуу үчүн операцияларды жүргүзө баштады. «Чеңгел  - Капкан» жана «Кулпу»  операциялары менен да ал жерде болушун бекемдеп, стратегиялык жерлерде түрдүү аскердик базаларды түздү. Түркиянын бул жердеги негизги максаты ПКК террордук уюму база курган, машыгууларды өткөргөн, көзөмөлдөө үчүн колдонгон аянттарды жок кылуу, уюмдун моблизация жөндөмдүүлүгүн чектөө жана башкаруу түзүмүн жок кылуу. Чек ара линияларында коопсуз аймак түзүп  Түркияга кирүүлөрүнө тоскоол болууга аракет кылынууда. Бул убакыттын ичинде Түркиянын чоң өлчөмдө ийгиликтүү болгонун көрсөк да операция аймактарынын кеңейтилиши жана Заптын калган аймактары Гара жана Хакруктун толугу менен тазаланышы керектиги сөз болууда.  Террордук уюм бул аймактарда азыр да бар жана өзгөчө баш калкалаган  үңкүрлөрдөн чыгып террордук кол салууларды ишке ашыра алат. Түркия чек арада толук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзүнүн операциялык аймактарын кеңейтүүгө мажбур. Ошо сыяктуу эле террордук уюмдун Ирактагы Синжар, Махмур, Кандил жана Ассос сыяктуу аймактарда болууну улантып жатканын көрүүгө болот.

Түркия жакында дипломатиялык чабуул жасап, ирактык маектештерин тыкыр көзөмөлгө алды. Бул жерде ПКК менен күрөшүү темасында Анкара менен Багдаддын ортосунда орток мамиле жана координация түзүлүшү кааланууда. Бул жаатта акыркы мезгилде жакшы жылыштар болуп жаткандай. Түрк жана ирактык аскердик делегациялар бат бат жолугушуп тийиштүү координация жана күрөшүүгө байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүүдө.

Ушул алкакта Түркия жаз жана жай айларында чоң жаңы аскердик операцияларды баштаганда, Ирак армиясынын да түрдүү кыймылдарды жасашы мүмкүн. Ирактын Күрт аймактык башкаруусу, өзгөчө Күрдистан демократиялык партиясы  менен да координациядан сөз кылууга болот. Курдистан демократиялык партиясынын Түркияга логистикалык жана чалгындоо колдоосу бар,  Түркия бул колдоонун масштабын арттырууну жана Пешмергенин Түрк Куралдуу Күчтөрү менен аскердик операцияларда биргелеше аракет кылышын  каалайт. Натыйжада ПКК террордук уюму Анкара жана Багдад, Эрбил үчүн коркунучтун булагы. Түркия менен бирге кыймыл кылуу бул өлкө жана автономиялуу башкаруунун да пайдасына болот. Антпесе Түркия ансыз деле де-факто террор менен чечкиндүү түрдө күрөшүп жатып, улуттук коопсуздугу үчүн өзүн коргоо укуктарын пайдаланып, Иракта керектүү кургактык операцияларын улантат.



Тектеш кабарлар