Глобалдык күч: Түрк Мамлекеттер Уюму

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин атайын тапшырмалардан жооптуу өкүлү Халеф Халефов Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) түрк дүйнөсүнүн биримдиги үчүн мааниси тууралуу Анадолу агенттигинин (AA) анализи үчүн жазды.

2112832
Глобалдык күч: Түрк Мамлекеттер Уюму

Стамбул

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин атайын тапшырмалардан жооптуу өкүлү Халеф Халефов Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) түрк дүйнөсүнүн биримдиги үчүн мааниси тууралуу Анадолу агенттигинин (AA) анализи үчүн жазды.

Азербайжан Республикасынын тышкы саясий күн тартибинин негизги приоритеттеринин бири ТМУну жана уюм ичиндеги кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат. TМУ-өзгөчөлүгү менен алдыңкы планга чыккан эл аралык уюм. TМУ башка аймактык уюмдар сыяктуу, мүчө мамлекеттерди бириктирген жалпы көз караш, өз ара кызыкчылыктар же интеграция менен гана чектелбейт. Бул уюм биздин жалпы тарыхыбызга, тилибизге, маданиятыбызга, салттарыбызга негизделген. Ошондуктан ТМУга мүчө болгон мамлекеттер менен элдердин ортосундагы мамилелер бир туугандык мамилелер болуп саналат.

Орток максат: Глобалдык аренада кубаттуу болуу

Азербайжан түрк дүйнөсүнүн биримдигине ар дайым салым кошкон жана мындан ары да бул биримдикке берилген бойдон кала берет. Азербайжандын президенти Илхам Алиев 14-февралдагы ант берүү аземинде айткандай, «Түрк Мамлекеттер Уюму биз үчүн эң негизги эл аралык уюм, анткени ал биздин үй-бүлөбүз. Биздин башка үй-бүлөбүз жок. Биздин үй-бүлө түрк дүйнөсү». 2009-жылы Нахчыван келишимине кол коюу менен түзүлгөн TМУ 14 жылдан ашык убакыттан бери саясий, экономика, транспорт, энергетика, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, санариптик трансформация жана туризм сыяктуу ар түрдүү тармактарда кызматташуу платформаларын түздү. Уюмдун чатыры астында түрк мамлекеттеринин эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыгы үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө уланып, жыл сайын күчтөнүүдө. Бирок, учурдагы эл аралык коопсуздук көйгөйлөрү, дүйнөдөгү чыр-чатактар, саясий жана социалдык-экономикалык кризистер ар бир мамлекеттин стабилдүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн сактоо зарылдыгын шарттады. Бул жагынан боордош түрк мамлекеттеринин дагы тыгыз чогулуп, тилектештиктерин бекемдеп, акыры бирдиктүү күч катары иш алып баруусу маанилүү. Ар тараптан коркунучтар жана кыйынчылыктар менен курчалган аймагыбызда өлкөлөрүбүздүн коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдеп, геосаясий диверсификация жана трансформациялык чараларды ишке ашыруу зарыл.

Учурдагы геостратегиялык абал бул багытта өнүгүүгө ылайыктуу жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы мамилелердин сапаттык жаңы баскычка өтүшү үчүн эң ылайыктуу шарттар бар. Каспий деңизин, Кара деңизди жана Жер Ортолук деңизди камтыган географияда күчтүү болушу менен геостратегиянын аныктоочу элементи болгон Түрк дүйнөсүнүн жаңы дүйнөлүк тартиптин белгиленишин аныктоодо маанилүү роль ойногону 21-кылымдын түрк идеологиясынын тарыхый миссиясы болуп саналат. Азербайжандын президенти Илхам Алиев белгилегендей, «Биздин саясатыбыз Түрк Мамлекеттери Уюмун бекемдөө. Бул кең география, чоң жерлер, чоң аскердик күч, чоң экономика, жаратылыш ресурстары, транспорт жолдору, жаш калк, өсүп жаткан калк жана ошондой эле түпкү теги бир адамдар. Мындан күчтүү биримдик болушу мүмкүнбү? Албетте жок. Түрк Мамлекеттер Уюмун глобалдык аренада күч борборуна айландыруу үчүн биргелешип аракет кылышыбыз керек. Биз буга чогуу гана жете алабыз». Азербайжан президентинин бул даанышман жана көрөгөч ойлору стратегиялык мүнөздө болуп, түрк дүйнөсүнүн тыгыз интеграциясы үчүн өтө маанилүү чакырык болуп саналат.

Түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын мааниси

Бул этапта түрк мамлекеттеринин ортосунда коопсуздук жана коргонуу жаатында өз ара жардам бере турган механизмди түзүү каралышы мүмкүн. Бул багыттагы күч-аракеттерибизди бириктирүү өлкөлөрүбүздүн эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөгө, стабилдүүлүккө жана өнүгүүгө кызмат кылат, ошондой эле дүйнөдөгү тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылууга чоң салым кошот. Ошол эле учурда түрк дүйнөсү өнүгүүгө жана стабилдүүлүккө кызмат кылган тынч коом экенин белгилей кетүү керек. Биздин мамлекеттерибиздин кызматташтыгы жана интеграциясы, коопсуздук жана коргонуу жаатындагы өз ара аракеттенүү эч бир мамлекетке же мамлекеттердин союзуна багытталган эмес. Азияны Европа менен байланыштырган Ортоңку коридордо жайгашкан түрк мамлекеттеринин транспорттук-коммуникациялык инфраструктураларын эффективдүү өнүктүрүү, бажы жана транзиттик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жана шайкеш келтирүү аймактын соода жана транзиттик потенциалын жогорулатууга салым кошот. Экономика, өнөр жай жана каржы тармактарында кызматташуу долбоорлорунун комплекстүү түрдө ишке ашырылышы түрк мамлекеттеринин ортосундагы товар жана кызмат жүгүртүүнү жеңилдетет жана ошондой эле аймагыбыздын өндүрүш жана экспорт мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Коомдорубуздун дени сак өнүгүүсү үчүн ден-соолук потенциалы максималдуу деңгээлде пайдаланылышы керек. Бул контекстте боордош түрк мамлекеттеринин арасында билим, тажрыйба жана технология алмашууга жана саламаттыкты сактоонун алдыңкы мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган механизмдерди түзүү багытында конкреттүү кадамдарды жасоо маанилүү. Түрк мамлекеттеринин калкынын 40 пайызга чейинкисин жаштар түзөт. Түрк дүйнөсүнүн интеллектуалдык потенциалын чыңдоо, билим берүү тармагындагы институционалдык өз ара аракеттенүү жана алдыңкы билим берүү тажрыйбаларын бардык түрк мамлекеттеринин билим берүү системаларына интеграциялоо негизги максатыбыз болушу керек. Мындан тышкары, түрк дүйнөсүнүн аймагында заманбап доордун чакырыктарына каршы координацияланган жалпы маалымат мейкиндигин түзүү жана кибер коопсуздук тармагында натыйжалуу иш-аракеттерди жана кызматташтыкты камсыз кылуу да маанилүү милдеттерден болуп саналат. Ошондой эле түрк маданий мурастарын коргоо жана жайылтуу, ошондой эле бул мурасты эл аралык деңгээлде таанытуу боюнча биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү жана тиешелүү эл аралык уюмдарда бул маселеде орток позицияны кармануу абдан маанилүү. Биздин мамлекет башчыларынын саясий эрки мен белгилеген багыттар боюнча ТМУну чыңдоого жана конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында ынтымагыбыздын чыңдалышы түрк дүйнөсүнүн дүйнөнүн алдыңкы күч борборлорунун бирине айлануусуна шарт түзөт.

[Халеф Халефов — Азербайжан президентинин атайын тапшырмалар боюнча жооптуу өкүлү.]

* Макалаларда айтылган пикирлер авторго таандык жана Анадолу агенттигинин редакциялык саясатын чагылдырбашы мүмкүн.



Тектеш кабарлар