«NEXT by TRT World Forum» Стамбулда өтүүдө

Иш-чарада күн бою көптөгөн панелдер жана семинарлар болот.

2001950
«NEXT by TRT World Forum» Стамбулда өтүүдө

Дүйнөнүн маанилүү глобалдык көйгөйлөрүнө чечим табуу максатында өткөн жылы биринчи жолу уюштурулган «NEXT by TRT World форумунун» экинчиси Стамбулда өтүүдө.

Иш-чарада күн бою көптөгөн панелдер жана семинарлар болот. Анда өз тармагында адис атактуу жаш ысымдар чогулуп, бүгүнкү күндүн маанилүү көйгөйлөрүнө чечим издешет.

Өткөн жылы Түркиядан жана чет өлкөдөн 1000ден ашуун жаштарды жолугуштуруп космостук туризмден туруктуу бизнес моделдерине, NFT семинарынан технологияга чейин көптөгөн темалар талкууланган иш-чарада, быйылкы жылы медиа, технология, планета, коммерция, лидерлик, спорт, билим берүү, саякат, жамааттык иштер жана жеткиликтүүлүк тармактарында бүгүнкү күндүн эң кызык суроолоруна жооптор изделет.

«NEXT by TRT World Forum» форумунун көрүнүктүү ысымдарынын арасында мурдагы футболчу Фредерик Кануте, шеф-ашпозчу CZN Бурак Өздемир, «Зиндаги» фондунун негиздөөчүсү Шехзад Рой, көрүүсү начар адамдар үчүн иштелип чыккан акылдуу аса таягын ойлоп тапкандардын бири Күршат Жейлан, БУУнун Африка боюнча жаңылануу программасынын мүчөсү Рафаэль Обонё жана климаттык активист Кловер Хоган бар.



Тектеш кабарлар