Жер титирөө жана тышкы саясат

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын баа берүүсү.

1950750
Жер титирөө жана тышкы саясат

     Түркияда эки чоң жер титирөө дипломатияны да аракетке өткөрдү. 88 өлкө түздөн түз жардам берип, 11 миң 302 чет элдик кызматкер издөө -  куткаруу жана жардам иштерине катышты. Жардам берүү максатында НАТОнун баш катчысы, Греция, Израиль жана Армениянын тышкы иштер министрлеринин сапарынан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да өткөн күндөрү Түркияга келди. Немис ички иштер жана тышкы иштер министрлери да жер титирөө болгон аймакка келишти.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын  баа берүүсүн угуңуздар.

   Өлкө  ичинде абдан чоң улуттук тилектештикти көрсөткөн Түркияга күчтүү эл аралык жардамдын келиши жана сапарлардагы оң атмосфера «жер титирөө дипломатиясын» алдыга чыгарды. Өзгөчө грек тышкы иштер министри Дендиастын сапарында жана андан кийин Брюсселде Түркияга колдоо тууралуу билдирүүсү грек  - түрк карым  - катнаштарында 1999 – жылдагы Мармор жер титирөөсүнөн кийин болгон жумшоону эске салды.

АКШ, Европа Биримдиги жана Греция менен карым  - катнаштарда жер титирөө дипломатиясы менен жаңы бир мезгилге кирилиши керектигин ортого салгандар болду.

Албетте апааттардын алдында тилектештик адам болуунун негизги жери. Ковид  - 19  пандемиясынын алгачкы күндрүндө дүйнөнүн алдыңкы күчтөрүнүн бул сынакта артта калгандыгын да унутпоо керек. Жер титирөөдөн улам Түркияга келген жардамдар кыйынчылыктардын жеңилдетилишине салым кошту.

Эки жер титирөөнүн коркунучтуу кыйратуулары ачыкча ортодо. Бирок Түркияга жардам берүүнүүн бир гана себеби бул эмес. Түркия улуттук дүң продукциясына салыштырмалуу гуманитардык жардамда биринчи орунда турган өлкө. Президент Эрдоган эл аралык системадагы адилетсиздикти БУУ баш болгон бардык жерде күн тартибине алып чыккан лидерлердин бири. Бир жагынан алганда, Түркия пандемия учурунда медициналык жардам көрсөтүүдө негизги позицияда орун алды. Украина согушунда ортомчулук ролу менен дан коридорунда жана туткундарды алмашууда ийгиликке жетишти.

Түркия дүйнөнүн төрт тарабындагы апааттарда жардам берген алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Ошондуктан батыштык союздаштарынан, коңшуларынан, ислам жана түрк дүйнөсүнөн, Африка өлкөлөрү менен дүйнөнүн бардык жеринен жардамдар келди. Түркия достукту көрсөттү, достукту көрдү.

    Жер титирөө дипломатиясын чыңаууларды азайтуу жана эки тараптуу карым  - катнаштарды өнүктүрүү үчүн колдонуу керектиги абдан ачык.

Армения, Израиль жана Греция менен кызматташууларда учурдагы оң атмосферадан так жыйынтык алуу үчүн аракет кылуу керек. Муну менен бирге чыңалууну жөнгө салуу үчүн өз ара эрк жана дипломатия күчөтүлүшү керек. Белгилүү болгондой, апааттардын тилектештиги бир канча убакытка созулат жана улуттук кызыкчылыктардын структуралык кагылышуусун бир эле учурда чече албайт. Тескерисинче, чечкиндүү сүйлөшүү процессин талап кылат. Аталган үч өлкө менен нормалдаштыруу процессин ийгиликтүү ишке ашырууда өз ара таасирдүү факторлор бар.

Түркия Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык процессин четке каккан жок. Израиль менен нормалдашууда отурукташуу жерлери жана Кудс маселеси күн тартип беренеси. Грециянын аралдарды куралдандыруусу жана 12 миль дооматы чыңалууну жаратууда. Жер титирөө дипломатиясынын бул маселелердин башкарылуусунда жана мүмкүн болсо бул маселелерди чечүүгө оң таасирин тийгизиши үчүн аракет жумшоо керек.

Столтенбер сапарында  Швеция менен Финляндиянын мүчөлүгүн кабыл алынуу маселесин көтөрүүнү да көз жаздымда калтырган жок. Блинкендин Анкара сапары позитивдүү болду. Түркия жана Сирияга жардамдын 185 миллион долларга чыгарылгандыгын, БУУнун баш катчысынын 1 миллиард долларлык жардам сураганын айтты. Өзгөчө эң көп союздаштыктан, глобалдык деңгээлде биргелешип иштөө жана бирдей баалуулуктарды бөлүшүү жөнүндө сөз кылды.  Бирок, Ф – 16лар   үчүн эч кандай чечим жок. Вашингтондун ЙПГга колдоосу жана ДЕАШ менен сүйлөшүүсү уланууда. Швецияга жана Финляндияга карата талап коюу улантылып жатат. Мунун баары тышкы саясаттын чындыктарынын арасында орун алууда.

Жер титирөөдөн кийин өз ара түшүнүктүрдүн өзгөрүшү оң бирок бул  так кадамдар менен бекемделиши керек.

 

 



Тектеш кабарлар