Түрк коргонуу өнөр жайы  - 2022

СЕТАнын тышкы саяат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1941627
Түрк коргонуу өнөр жайы  - 2022

    Түрк коргоону өнөр жайы жылдыз сыяктуу жаркыроону улантууда. Акыркы жылдарда олуттуу бир жогорулоого өткөн тармак өзгөчө  2022 -  жылын жогорку деңгээлде аяктады.

Түрк коргонуу өнөр жайы жана авиация сектору 2022 -  жылдын ичинде 4,3 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды. 2021 -  жылы 3,2 миллиард долларлык экспортту ишке ашырып, ал мезгилге чейинки рекордун жаңылады.

СЕТАнын тышкы саяат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

  Адилеттик жана өнүгүү партиясы АК партиянын бийликке келишинин алгачкы мезгилинен тарта стретагиялык бир сектор катары көрүлгөн түрк коргонуу өнөр жайы жана авиация сектору ар бир кадам сайын күч алууну улантты. Өзгөчө акыркы жылдары алдыга чыккан сектор 2022 -  жылы 4,3 миллиард долларлык экспортко жетишти. Ушундайча 2022 -  жылы үчүн максат кылынган 4 миллиард долларлык экспорт максатына жетти.

Сектордун экспорт боюнча биринчиси 2021 -  жылы болгондой БАЙКАР фирмасы болду. Белгилүү ТБ 2лердин өндүрүүчүсү болгон фирма 2022 -  жылдын ичинде 1.17 миллиард доллар экспортту ишке ашырды.

Болжол менен 50 миллиард долларлык чоңдукка жеткен түрк коргонуу өнөр жайы секторунда көптөгөн фирма глобалдык лигада биринчиликке чыгууда. Экспорт тармагын дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнө жайылтуу менен бирге көптөгөн түрк фирмасы дүйнөнүн эң алдыңкы 100 фирмасынын арасына кирди. 7 түрк фирмасы коргонуу өнөр жайы тармагында жогорку сапаттуу дүйнөлүк конкуренция тизмесине кирди. Айрыкча Aselsan жана TAİ сыяктуу түрк компаниялары эбегейсиз ийгиликтерге жетишүүдө.

Түркия тышкы саясатта өз кызыкчылыктарын борборго алып бирок тилекке каршы батыштык өнөктөштөр тарабынан абдан олуттуу санкцияларга дуушар болууда.  Өзгөчө  курал эмбарголору түрк армиясынын баш тарттыруучулугун бутага алды.

Бирок бул санкция жана эмбарголор Түркиянын чечкиндүүлүгүн арттырып, кыйыр жолдон түрк коргонуу өнөр жайынын да өнүгүшүнө салым кошту. Бүгүн Түркия армиясынын муктаждыктарынын 80 пайызы улуттук өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалууда. Сектор миллиарддаган долларлык экспорт кыла ала турган абалга да келди. Албетте бул тармакта Түркияны башкалардан айырмалаган негизги өзгөчөлүгү кагылышуулардын ичинде активдүү түрдө орун алышы, чек ара тышында аскердик операцияларды жүргүзгөн өлкө болушу. Ушундайча Түркия аянттагы муктаждыктарын түшүнүү менен гана чектелбестен чыгарган курал системаларын да активдүү сыноо жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө да ээ болууда. Өзгөчө куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар SİHA тармагында түрк фирмалары согуштун мүнөзүн өзгөртө турган өлчөмдө жаңылыктарды жаратуу менен сектордо биринчи орунга жогорулады. Ирак, Сирия, Ливия, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрдө да куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарга таянган согуштук концепциялар иштелип чыгып, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар аянтта жараткан таасири менен дүйнөдө жаңы феномен болду. Бүгүн 30дан ашуун өлкө Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды, ондогону да алууга аракет кылып жатат. Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары ассиметриялык жана конвенциялык буталарга каршы ийгиликтүү болгон, аз кездешкен системалардын бирөөсү.

  Түркияны  улуу мамлекет болуу жолунда  келечекке алып бара турган секторлордун башында коргоо өнөр жайы турат. Учурдагы бийлик муну билет жана секторго колдоону уланта тургандыгын айтууга болот. Коргонуу өнөр жайы башкармалыгы түрк коргонуу өнөр жайын 2053 -  жылга чейин 100 пайыз көз карандысыз абалга алып келүүнү жана экспорт көлөмүн 50 миллиард долларга чыгарууну максат кылууда. АК партия бийлиги 2003 -  жылдан тарта секторго олуттуу колдоо берсе да өзгөчө акыркы мезгилде түрк аскердик өнөр жай тармагында комплекстүү трансформация процесси болду. 2016 - жылы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин коргонуу өнөр жайынын Президенттикке карашы жана «Коргоо өнөр жайынын төрагалыгынын» түзүлүшү да бул жагынан таасирдүү болду. Ошондуктанк коргонуу өнөр жайындагы өнүгүү жана ылдамдыктын дагы да күчөй тургандыгы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар