Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) тогузунчу саммити

СЕТАнын коопсуздук боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун баа берүүсү.

1908066
Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) тогузунчу саммити
TDT_Zirve_5.jpg
TDT_Zirve_2.jpg
TDT-Zirve imzalar.jpg
tdt.jpg
Semerkand-TDT zirve-1.png

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) тогузунчу саммити

Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) тогузунчу саммитин Өзбекстандын Самарканд шаарында «Түрк цивилизациясынын жаңы доору: орток өнүгүү жана гүлдөп өнүгүүгө карай» темасы менен өткөрдү. Өткөн жылы кезектешкен төрагалыгын Түркия жүргүзгөн Стамбулдагы саммитинде атын Түрк Кеңешинен Түрк Мамлекеттер Уюму (ТМУ) деп өзгөрткөн жана 2040-жылга карата Көз караш документин кабыл алган уюмдун Самарканд саммитинде кандай көз карашты ортого сала турганы жана Түрк дүйнөсүндө кызматташтык жана интеграция багытында кандай кадамдар таштала турганы чыдамсыздык менен күтүлгөн. 103 пункттан турган Самарканд декларациясында көп сандаган деталдар орун алды.

SETA / Коопсуздук боюнча изилдөөлөр директору, жазуучу, проф.Д-р Мурат Йешилташтын темага карата баалоосун сунуштайбыз...

Саммиттин маанилүү жыйынтыктарынын бири шексиз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) байкоочу статусуна ээ болушу болду. Декларациянын 7-беренесинде «Кипр түрктөрүн Түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары көрүшөт» деп айтылса, Түндүк Кипр Түрк Республикасына байкоочу статусунун берилиши Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы изоляциянын жоюлушу жагынан маанилүү жана Түркиянын тышындагы TМУ мүчөлөрү үчүн шыктандыруучу бир өнүгүү болуп саналат. 

Кошумчалай кетсек, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин дээрлик бардыгы макул болгон «Түрк дүйнөсүнүн географиялык чек аралары кенен» деген сөзүнөн кийин ТМУга мүчө өлкөлөрдөн тышкары жашаган мекендештерибиздин укуктарын, коопсуздугун жана улуттук өзгөчөлүгүн коргоого колдоо көрсөтүү жана алардын ассимиляцияланбашы үчүн ТМУнун курамында колдоо көрсөтүлүшүнө карата чакырыгы бир жагынан алганда Азербайжандын TМУ платформасында Иранга берген ачык билдирүүсү болду.

Акыркы мезгилде чыңалуу болуп жаткан Кыргызстан-Тажикстан чек ара маселеси боюнча эл аралык укуктун негизинде Кыргызстанга колдоо көрсөтүү боюнча ачык билдирүүлөрдү берген декларацияда иммиграция жана мыйзамсыз миграциядан тартып, Ооганстанда туруктуулукту камсыз кылуу, терроризм жана ага каршы күрөшкө чейин көптөгөн маселелерге да маанилүү басым жасалды.

Башка жагынан алганда, ТМУну өнүктүрүүдө жана кызматташтыкты тереңдетүүдө көз жаздымда калбоо керек болгон маанилүү фактор бул мүчө мамлекеттердин ТМУдан тышкары эки тараптуу же башка көп тараптуу кызматташтыгы болуп саналат. Бул багытта эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын мисалдары көп болгону менен Түркия-Азербайжан карым-катнаштарын гана мисал катары кароо жетиштүү болот. Негизи Түркия менен Азербайжандын ортосундагы акыркы эки тараптуу карым-катнаштардын жана бул карым-катнаштын натыйжасында пайда болгон конкреттүү натыйжалардын ТМУнун курамы ичиндеги кызматташтык үчүн түрткү берүүчү/дем берүүчү ролду ойногондугун оңой эле айтууга болот.

Ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин эки тараптуу жана көп тараптуу демилгелери да маанилүү. Чындыгында, лидерлер, алар ортого салган көз карашы менен, балким, TМУ алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү фактор болуп саналат. Ал эми TМУ катчылыгы жана мүчө мамлекеттердин техникалык комитеттери, лидерлер ортого салган көз карашы жана жетекчилиги менен өз иштерин көбүрөөк кабыл алып, аларды ишке ашыруу үчүн катуу аракет кылып жатышат.

Бул учурда Түркиянын жетишкендиктери жана президент Эрдогандын лидерлиги ТМУнун акыркы мезгилдеги ылдамдыгында маанилүү роль ойногону талашсыз. Ошо сыяктуу эле, Азербайджанда Алиевдин, Казакстанда Токаевдин (Назарбаев жана), Кыргызстанда Жапаровдун жана Өзбекстанда Мирзиёевдин ТМУнун жогорулоосунда маанилүү ролдору бар. Байкоочу мүчө мамлекет болгон Венгриянын премьер-министри Орбан да бул процессте гармониялуу лидерлик көрсөтүүдө. Түркмөнстан болсо байкоочу мүчө статусун сактап турат. Бул өлкө дагы акыры бир күнү уюмга толук мүчө болуп кошулаары шексиз.

 



Тектеш кабарлар