Түрк Чалгындоо Уюму

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун пикири.

1899200
Түрк Чалгындоо Уюму

 Түрк Чалгындоо Уюму акыркы жылдарда Ирак жана Сирия аянтында жүргүзгөн ийгиликтүү операциялары менен атын чыгарып, дүйнөдө бир канча гана чалгындоо уюму жете алган адам жана техникалык мүмкүнчүлүктөр менен дүйнөнүн көптөгөн аймактарында бир убакта операцияларды жүргүзө алууда. Өзгөчө Түркиянын 2015 – 2016 -  жылдары түзгөн жаңы коопсуздук доктринасы менен өзүнүн улуттук коопсуздугуна карата коркунучтарды булагынан жок кылууга карата стратегиянын турмушка ашырылышында негизги мекемелердин бири катары алдыга чыкты.

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун пикири.  

Түркия татаал аймакта бир от чамбарынын ичинде бар болууга аракет кылган, бийиктеген аймак күчү. Жакынкы Чыгыштан Африкага, Балкандардан Орто Азияга чейин сөз ээси болууга аракет кылган, керек болсо катуу аскердик күчү менен керек болсо жумшак күч элементтери менен таасирдүү болууга аракет кылган актер. Акыркы жылдарда өзгөчө коргонуу өнөр жайы жана чыгарган учкучсуз куралдуу аппарат системалары менен глобалдык таасир  жаратууда да ийгиликтүү өлкө. Бирок Түркиянын географиясы алып келген чоң кыйынчылыктарга туш болгонун көрүп турабыз. Албетте булардын башында коңшу өлкөлөрдөгү бийлик боштугу жана террор турат. Акырында Түркия көптөгөн жылдардан бери ПКК жикчил террордук уюму менен күрөшүп жаткан болсо да өзгөчө Ирак менен Сирияда болгон террордун мүнөзүн жана  берилген жоопту да өзгөрттү. Түркия 2016 -  жылы 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин улуттук коопсуздукка карата террордук коркутууларга каршы булагынан жок кылуу стратегиясын кабыл алды. Бул жаңы стратегия чек аранын тышында чоң аскердик операция деген мааниге келип жаткан. «Евфрат калканы» «Зайтун бутагы», «Чекиндүүлүк операциясы» сыяктуу чоң операциялар аткарылды. Бирок кадимки аскердик ыкмалардан тышкары Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюмуна чоң инвестицияларды жасап, Улуттук Чалгындоо Уюмун дүйнө жүзүндө  операцияларды жүргүзө ала турган бир түзүлүшкө айлантты.

2012 - жылы Башкы штабдын электрондук системалары (GES) командардигинин Улуттук Чалгындоо Уюмуна  кошулушу жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун мыйзамында жасалган укутук жөнгө салуулар натыйжалуу болду. Ушундайча өзгөргөн дүйнөлүк шарттарга жана коопсуздук коркунучтарына каршы Улуттук Чалгындоо Уюмунун укуктук инфраструктурасын, техникалык, кибердик жана адамдык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу аркылуу эффективдүүлүгүн жогорулатуу максат кылынды. Бул жерде уюмдун төрагасы Хакан Фидандын жеке көз карашы жана лидерлиги маанилүү фактор катары алдыңкы планга чыгып, албетте президент Режеп Таййип Эрдогандын саясий эрки жана чечкиндүүлүгү белгилөөчү болду. Эрдоган күчтүү Түркия үчүн чалгындоо кызматынын зарылдыгын түшүнүү менен кыймыл кылды.

Ушундайча бардык тиешелүү тармактарда потенциалын жогорулаткан Улуттук Чалгындоо Уюму өзгөчө Ирак жана Сирия аянтында ПКК жана бөлүкчөлөрүнө каршы абдан маанилүү операцияларды жүргүзө баштады. Уюмдун жетектөөчү кадрлары тазаланып, командалык - башкаруу структурасы алсыратылып, моралдык жактан кыйроого багытталды жана бул жагдайда чоң ийгиликтерге жетишилди. 2016 -  жылдан тарта 400дөн ашуун ысым Улуттук Чалгындоо Уюмунун операциялык бөлүктөрү тарабынан Ирак жана Сирия аянтында жок кылынды. Дияр Гарип сыяктуу ПКК/КЖК борбордук иш алып баруу кеңешинин мүчөлөрүнөн Шенгалли сыяктуу Синжар жооптууларына чейин биринин артынан бири жок кылынып, айрым операциялар Түркия чек ара линиясынан 275 километр ичкериде аткарылды. Учкучсуз куралдуу учуучу аппараттар абдан эффективдүү колдонулган бул операцияларды талаадагы агенттер башкарат. Өзгөчө акыркы айларда уюмдун бир нече элементтери жок кылынбастан тирүү колго түшүрүлүп,  Түркияга алып келинди. Бөлүшүлгөн айрым операциялардын натыйжасында ПКК ичинде олуттуу жаракалардын бар экендиги байкалууда. Уюмдун ичинде коркуу жана дүрбөлөң чөйрөсүн күчөтүп уюмдун дезинтеграциясын жана психологиялык кыйроону тездетүүчү таасирге ээ.

Натыйжада Түркия бир тараптан кадимки аскердик операцияларын улантып, бир тараптан да бардык мааниде мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүп, жаңы стратегиялык миссияга жетишкен Улуттук Чалгындоо Уюму менен бирге бир топ өлкөдө бир убакта жүргүзүлгөн операциялар менен улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган элементтерди жок кылууда. Дүйнөдө бир канча гана өлкөнүн Чалгындоо Уюму жете алган деңгээлге жеткен Улуттук Чалгындоо Уюму глобалдык контекстте өсүп келе жаткан  уюм катары алдыга чыгып, Түркия үчүн да абдан маанилүү мультипликаторуна айланды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар