Зевахиринин өлүмүнөн кийинки Аль Каида

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор  Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

1867448
Зевахиринин өлүмүнөн кийинки Аль Каида

АКШнын чалгындоо кызматынын Афганистандын борбор шаары Кабулда Аль Каиданын лидери Зевахирини таасирисз абалга алып келиши өткөн жуманын бир канча маанилүү темаларынын бири болду. Маселе АКШнын 11 -  сентбярдагы  кол салуулар жана жарыялаган глобалдык терроризм менен согушу тууралуу талкууланды. Бирок маселенин түрдүү жактары менен каралышы жана Зевахиринин негизинде конкреттешүү менен бирге абстрактуу тарабы жана арткы планы менен бирдикте талкууланышы керек.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор  Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсүн угуңуздар.

 Аль Каиданын азыр да активдүү же активдүү эмес экендиги боюнча алкакта Зевахириге карата кол салуу уюмга сокку урду деген божомол адаштырышы мүмкүн.  Динге таянуу менен күчкө ээ болгон идеологияларды жеке адамдар эмес, алардын интеллектуалдык инфраструктурасы менен бирге кароо зарыл. Мындан мурда Заркави, Ладен, Багдади же Курейшинин өлтүрүлүшү менен динден азыктанган террорду токтотуу мүмкүн болгон эмес. Андай болсо Зевахиринин «жок кылынышы» да башка бир абалды жаратпайт.

Аль Каиданын  11 -  сетябрдан кийин өзүн арткы планга тартышы жана аткаруучу уюм болбостон, интеллектуалдык жайылуу стратегиясын карманышы көңүл бураарлык. Ушунун негизинде колдогон, багыттаган жана башкарган бир түшүнүк менен түрдүү радикал кыймылдарды айкалыштырууда. 11 -  сентябрь берген психологиялык позиция менен башка радикал түзүлүштөргө шык берген Аль Каида өзүн бир реферанстуу  түзүлүшкө айландырууда. Башка бир сөз менен айтканда өз араларында пикир келишпестиктер болгон жана оңой ажыраган кыймылдарга негизги максатты эске салган бир мүнөзгө ээ болду.

Аль Каиданын келечегине байланыштуу бир нече факторлор бар. Булардын бири террордук уюмдун башына келе турган адам колдоно  турган медод. Египеттин мурдагы атайын күчтөрүнүн кызматкери болгон, уюмдун аскердик операцияларын башкарган Сейфүл Адлдын аты изилдөөчүлөр жана америкалык жетекчилер менен БУУнун отчетунда кийинки лидер катары аталууда. АКШнын тышкы иштер министрлигинин изделгендер тизмесинде Зевахиринин ордуна Адлды жайгаштырганына карабастан Сириядагы Аль Каида жактоочусу кишилердин Телеграм каналдарында Сейфүл Адлдын азыркы учурда Иранда камакта экендигин айтышы башка бир лидердин каралышын талап кылууда.

Башка бир ысым болсо БУУнун отчетунда үчүнчү орунда турган Зевахиринин күйөө баласы, Аль Каиданын Афганистан  -  Пакистан эмири жана Абдуррахман ал-Магриби деген ат менен белгилүү “Ас-Сахаб” маалымат каражатынын директору. 

Башка бир фактор болсо Талибан. Кыймылдын Афганистандагы башка топторду көзөмөлдө кармап тургандыгы белгилүү. Эймен ез Зевахиринин терсине жаңы лидердин Европа жана Америка  континенттерин бутага алуусу жана алардын жакынкы географияда болушуна бөгөт коюу ыктымалы күчтүү. Бул ыктымалдын ишке ашышы жаңы лидердин Эймен ез Зевахиринин өчүн алуу үчүн америкалыктарга карата күчтүү жана ылдам каршылык көрсөтүүгө себеп боло турган  аскердик саясатты  колдонууга же мусулмандар жашаган географияда узак убакыт жана узак мөөнөттө болуу менен өз активдерин Афганистан  - Пакистан аймагында коопсуз шарттарда жумшашат.



Тектеш кабарлар