Дан келишими

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын пикири.

1861515
Дан келишими

Түркия Стамбулда кол коюлган Дан келишими менен Россия  -  Украина согушунда кайрадан күн тартибине келди. 2022 -  жылдын февраль айында башталган Россия  -  Украина согушунан улам азык  - түлүк продукцияларында толук көлөмдө экспортту ишке ашыра албаган Украина кампаларында 20 миллион тоннадан ашуун дан бар. Жаңы түшүм жыйыноо сезону башталганына карабастан кампаларда дандарга орундун болбошу өндүрүштү кыйындатууда. Мина жана аскердик кемелерден улам деңиз жолу аркылуу экспорттун аткарыла албашы Украинаны альтернативдик соода жолдорун издөөгө түртүп жатат. Бирок керектүү инфраструктуранын жок болушу жана согуштун улантылышы түрдүү  камсыздоо жолдорун колдонууну кыйындатууда.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын пикири.

Акыркы эки жылда  глобалдык азык  - түлүк инфляциясы жеткен 60 пайыздык туу чокусу Россия - Украина согушунан келип чыккан баа туруксуздугуна мисал боло алат. Дан муктаждыгын  чоң катнашта Украинадан камсыздаган өлкөлөрдүн арасында орун алган Эритрея, Сомали, Ливия, Египет, Сауд Арабия, Оман, Израиль, Тунис, Эфиопия, Йемен жана Кения процесстен эң көп жабыркаган өлкөлөр. Дүйнөлүк азык  - түлүк өндүрүшүндө Украинанын үлүшүнө көңүл бурганда өлкөдөн айыл  - чарба продукциясын камсыздаган өлкөлөрдүн кыска убакыттын ичинде башка бир өлкөдөн импорттоолору абдан кыйын. Анткени коронавирус эпидемиясы, энергетика жана азык  - түлүк кризистеринен улам баалары өскөн айыл  - чарба продукцияларын кыска убакытта камсыздоо мүмкүн эмес. Ушул себептен дан коридорунун ачылышы мааниге ээ болууда. Коридорду функционалдуу абалга келтирүү менен азык-түлүккө дүйнөлүк баалар боюнча сунуш жагынан басымды жеңилдетүүгө болот. Бул айыл чарба азыктарынын баасынын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Батыш Азия жана Африка өлкөлөрү болсо бул процесстен эң көп пайда ала турган өлкөлөрдүн арасында.

Согуштан улам келип чыккан азык-түлүк жагындагы тең салмаксыздыкты жоюу үчүн Түркия – Россия -Украина өнөктөштүгү менен курулушу пландалган азык - түлүк коридору кампалардагы данды дүйнөлүк базарларга жеткирүү максатын көздөп жатат.

Глобалдык азык  - түлүк менен камсыздоонун маанилүү актерлорунун бири катары Украина данынын дүйнө базарларына чыгарылышы азык  - түлүк бааларындагы тең салмаксыздыктарды жок кыла алат.

Согушуп  жаткан Россия жана Украина менен диалог каналдарын ачык кармаган Түркия согуш башталгандан бери дипломатиялык жол менен тынчтык чөйрөсүн калыбына келтирүүгө аракет кылууда. Россияга каршы киргизилген санкция жана изоляция саясатынан улам согуш ортого чыгарган маселелердин чечилиши үчүн дипломатия столун кура ала турган өлкө саны чектүү. Түркиянын согуштун алгачкы күндөрүнөн тарта тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүшү жана тараптардын арасында ортомчулук кылуу миссиясын аткара алышын баса белгилеши дан коридору тууралуу ийгиликти кошо ала келди.  Түрк деңиз флотунун коштоосунда дан кемелеринин Түркия аркылуу дүйнө базарларына чыгышы күтүлүүдө.

Бул жагдай дүйнөдө да, Түркияда да азык-түлүк бааларына оң таасирин тийгизет. Глобалдык азык-түлүк кризисин чечүүчү жолдорунун бири болгон камсыздоону көбөйтүү мүмкүнчүлүгү Түркиянын дипломатиялык ийгилигинин аркасында ишке ашты.

Келишимдин күтүлгөн ийгиликти көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзө турган негизги кадам Украина жана Россия тарабынан туура аткарылышы болот.  Бирок келишим жана азык  - түлүк кризисин  жеңилдетүү аракеттери үчүн айрым коркунучтар бар. Бул жерде келишимди туура ишке ашыруудан тышкары, Россиянын айыл чарба объектилерине жана инфраструктураларга кол салууларын токтотуусу чоң мааниге ээ. Россиянын кол салууларын улантышы же украиналык дыйкандардын продукцияларын конфискациялашы баарыдан мурда алдыбыздагы өндүрүш мезгилинде Украина өндүрүшүнүн маанилүү катнашта төмөндөшүнө жол ачып келишимдин ийгилигин маанилүү катнашта чектей алат.

 



Тектеш кабарлар