Тегеран саммити

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1858546
Тегеран саммити

Тегеранда өткөн  7 -  Астана саммити Сирия тууралуу Түркия, Россия жана Иранды кайрадан жолугуштуруп, тараптардын арасында Сириянын жеринин бүтүндүгү, террор менен күрөш, саясий жол менен чечүү  процесси жана өлкөнүн кайрадан курулушу тууралуу келишим түзүлдү. Бирок Түркия менен Россия жана Ирандын ортосунда Сирияга карата бир аскердик операцияга байланыштуу позиция айырмачылыктары да улантылууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.  

Сириядагы кагылышуулар азайгандан кийин ок атышпоо жана саясий чечим процессин иштетүү үчүн башталган Астана демилгеси ушул убакка чейин каалаган максаттардын көбүн ишке ашыра алган жок, бирок жок дегенде белгилүү линияларда  деэскалацияны камсыздай алды. Сирия режими менен оппозициянын ортосунда сүйлөшүү үчүн пайдубал түзүү менен келечекке карата аз болсо да бир үмүт ортого чыккан болду. Бирок узун убакыттан бери Астана кепил өлкөлөрү да болгонуна карабастан Россия менен Ирандын Асад режиминин аскердик чечүүчү жол изденүүсүнө колдоо берүүнү улантышты. Өзгөчө Идлибде оппозицияга карата кенен масштабдуу аскердик кол салуулар болуп бул аймакты колго алууга аракеттерин Түркия «Жаз калканы» операциясын баштоо менен токтото алды. Украина согушу пайда кылган жаңы гео саясий теңдеме Сириядагы күч тең салмактуулугун да өзгөртө баштады. Россия Сириядан аскердик күчтөрүн чыгара баштап, Түркиянын аскердик баш тарттыруучулук күчү күчөгөндөй көрүнүүдө.

Ушунун негизинде президент Эрдоган Тель Рыфат жана Манбиж сыяктуу аймактарга карата аскердик операция пландагандыгын  билдирип, Астана өнөктөштөрү Путин менен Реиси болсо Түркиянын ыктымалдуу аскердик операциясына тоскоол болуу аракетинде. Тегерандагы сүйлөшүүлөрдө негизги күн тартибин да ушул тема түздү.

Астана кепили болгон үч өлкө ушул негизде келише албагандай көрүнүүдө, Түркия Россия жана Иран менен кагылышууга же чатакташууга кирүүнү каалабаса да ПКК менен күрөшүү жана аскердик операция тууралуу да чечкиндүүлүгүн улантууда. Менин оюм келечекте  кыска жана орто мөөнөттүү жаңы операция башталат. Ыктымалдуу аскердик операция  биринчи баскычта  Президент Эрдоган да айткандай Тел-Рыфат жана Манбиж линиясында болот бирок ПКК/ЙПГнын негизги аянты Евфраттын чыгышындагы  аймактар да орточо жана  узун мөөнөттө бута болууну улантат. Түркия эч бир шартта түштүк чектеринде террор муунуна уруксат бербейт.



Тектеш кабарлар