НАТОнун  жаңы стратегиялык концепциясы

СЕТАнын  коопсуздук изилдөөлөрнүн директору жана жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

1858549
НАТОнун  жаңы стратегиялык концепциясы

НАТО Кансыз согуштан кийин жалпысынан 4 стратегиялык концепцияны жарыялады.

Биринчиси ; 1991 – жылы советтик мурастан кийинки жаңы аймактык жана эл аралык гео саясий  чындыкты негиз кылып алган. Экинчиси ; 1999 – жылы жарыяланган стратегиялык концепция  эле. Бул концепциянын шилтеме булагы болсо, Европанын жакынында болгон Балкан кризиси жана кризис себеп болгон коопсуздук динамикалары эле. Үчүнчү стратегиялык концепция болсо 2010 – жылы жарыяланды. Бул концепция кадимки аскердик коркунучтардын чектөөлөрүнөн арылуу менен асимметриялык жана салттуу эмес коркунучтарга көбүрөөк көңүл бурган. Бул контекстте терроризм жана кибер мейкиндик менен күрөшүү темалары жаңы коопсуздук мамилесинин негизин түздү. Бир тараптан бул концепция 11-сентябрдан кийин терроризмге каршы күрөштүн атынан АКШ талкалаган эл аралык системанын ичиндеги чакырыктарга НАТОну кайра жайгаштыруу жана ыңгайлаштыруу максатын көздөгөн. Бул жагынан НАТО аймактык коргонуу мүнөзүнөн эл аралык кризистерге каршы күрөшө ала турган өзгөчөлүк жана мүнөзгө ээ боло баштаган.

СЕТАнын  коопсуздук изилдөөлөрнүн директору жана жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

2022 - жылга чейин стратегиялык концепцияга чейинки процессте аймактык жана глобалдык масштабда өтө тез жана өзгөрүүчү өнүгүүлөр байкалды, алар күтүүсүз болгон жана белгисиздикти тереңдеткен. Алардын ичинен эң таң калыштуусу жана узак мөөнөттүү стратегиялык деңгээлдеги таасири 2011-жылы башталган Арап жазы болду. Арап жазы НАТОнун түштүк аймагындагы мамлекеттерди алсыратуу менен эле калган жок ; ошол эле учурда көтөрүлүү, миграция, терроризм, азык  - түлүк коопсуздугу, экономика сыяктуу көп тараптуу себептерден улам жаңы жана мурункусуна караганда морт линияларды ачты. Мисалы Түндүк Африкадан Сахара, Балкандардан  Йеменге созулган аймакта бул жаңы  өзгөчөлүктөр көрүлгөндөй эле; бир убакта Россиянын тышында Кытай сыяктуу түрдүү актерлордун позицияларын бекемдеп жатканына күбө болду.

Башка бир негизги жагдай болсо НАТОнун салттуу беттешүү аянтын чагылдырган жагдайларда Россиянын кайрадан күчкө ээ болуу жолдорун издөөгө бурулган; була абал Грузиядан кийин Крымды аннексиялоо сыяктуу стратегиялык каршы чыгуу катары ортого чыкты. Акыйкаттан да акыркы жолу 24 -  февралдагы Россиянын Украинаны басып алышы,  кансыз согуштан кийинки эң күчтүү орус коркунучу катары эл аралык коомчулукту тынчсызданууга түрттү. НАТОну  тоскоол болуучу  аракетке багыттады. Бир тараптан АКШ менен Кытайдын ортосундагы конкуренция себеп болгон жаңы эл аралык позиция НАТОго жаңы кысым көрсөтүүдө.

Буга кошумча катары пандемия, климаттык алмашуу, атомдук куралдануу, баллистикалык ракета технологиясы, кибер кол салуулар,  мамлекет тышындагы актерлордун мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмдүүлүктөрү, кыйратуучу технологиялардын өнүгүшү жана колдонуу тармактарынын жайылышы мыяктуу жагдайлар НАТОнун күн тартибинде  дагы көп орун алышы стратегиялык концепцияда жаңылануу зарылдыгын жаратты.

Бул көз караштан алганда, төртүнчү жана эң акыркы жарыяланган 2022 стратегиялык концепциясы, мурункусунан айырмаланып, кадимки коркунучтарды кабыл алууну да, асимметриялык коркунучтарды да чогуу чечкен гибриддик мамилени билдирген идеяга негизделген.

Бирок бул өзгөртүү НАТОнун үч негизги принцибине негизделген аймактардагы реформа эмес; күчтөндүрүү үчүн изденүүгө кызмат кылат. Бул алкакта НАТОнун үч негизги миссиясы, тактап айтканда, “коргонуу жана тоскоолдук”, “кризисти болтурбоо жана башкаруу”, “биргелешкен коопсуздук” мамилеси мурдагыдан да натыйжалуу, ийкемдүү, гармониялуу жана функционалдык механизмге алып келинет. Муну менен бирге 2022-жылдын стратегиялык концепциясы жаңы геосаясий күрөштүн башталышын билдирет деп айтышыбыз керек.



Тектеш кабарлар