Антальяда Чынгыз Айтматовдун айкели тургузулду

«Чынгыз Айтматов» атындагы паркта дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусунун айкели азем менен ачылды.

1774278
Антальяда Чынгыз Айтматовдун айкели тургузулду
Cengiz-Aytmatovun-heykelinin-acilisi-Antalya-3.jpg
Cengiz-Aytmatovun-heykelinin-acilisi-Antalya-4.jpg
Cengiz-Aytmatovun-heykelinin-acilisi-Antalya-5.jpg
Cengiz-Aytmatovun-heykelinin-acilisi-Antalya-6.jpg

Антальяда Чынгыз Айтматовдун айкели тургузулду

Ковид-19дан улам үйүндө карантинде болгон Муратпаша муниципалитетинин башчысы Үмит Уйсал дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун айкелинин ачылышына телефон аркылуу байланышты. Мэр Уйсал: «Биздин Анталья, Муратпаша дүйнө маданияттары кездешкен жер. Мындан ары да ушундай болот»,-деди.

Муратпаша муниципалитетине караштуу Гүзелоба районунда жайгашкан жана жакында китеп кафеси катары кызмат кыла баштай турган «Чынгыз Айтматов» атындагы паркта дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусунун айкели азем менен ачылды. Ачылышка Муратпаша муниципалитетинин вице-мэри Хүсейин Сары, Кыргыз Республикасынын Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Урмат Усөнов, Түрк дүйнөсү платформасынын төрагасы Мустафа Йылмаз,коомдук ишмер, экономист-ишкер Кеңешбек Алян уулу, коомдук ишмерлер, Түркиядан жана Кыргызстандан көптөгөн коноктор катышышты.

   «Биздин көңүлдөр бирге»

Журналист Барно Усманованын демилгеси, ишкер Кеңешбек Алян уулунун жана коомдук ишмерлердин демөөрчүлүгү менен скульптор Бообек Арыков жасаган айкелдин ачылышына  Муратпаша муниципалитетинин башчысы Үмит Уйсал телефон аркылуу катышып, Муратпашанын абдан маанилүү күндү өткөрүп жатканын айтты. Кыргыз жана түрк маданиятынын абдан маанилүү өкүлү, дүйнөлүк маданий мурастын маанилүү ысымы, маркум Чынгыз Айтматовдун айкелин ачуудан абдан кубанычта экендиктерин билдирген мэр Уйсал: «Биздин жүрөгүбүз бир. Биздин очоктор бирге. Биздин сезимдер бир. Биздин Анталья, Муратпаша дүйнөлүк маданияттар кездешкен жер. Мындан ары да ушундай болот. Муратпашабыз дүйнө тынчтыгынын символу катары жашоосун улантат. Ал мындан ары да абдан маанилүү ойчулдардын, жазуучулардын жана маданияттын өкүлдөрүнүн өкүлү болуп кала берет»,-деди.

   «Эки элдин достугу»

Министрдин кеңешчиси Урмат Үсөнов, Кыргыз Республикасынын Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун атынан айкелдин ачылышына салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык катын тапшырды. Үсөнов ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун айкелинин Түркиянын ар кайсы шаарларында болушу эки элдин достугунун, бир туугандыгынын эң сонун көрүнүшү экенин айтты. «Бизге ушундай кубаныч тартуулаганыңыз үчүн жалпы кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдиребиз»,-деди Үсөнов.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин муниципалитет башчысынын орун басары Сары протоколдун башка мүчөлөрү менен бирге түрк дүйнөсүнүн маанилүү маданият ишмерлеринин бири, «Селви Бойлум Ал Язмалым» (Кызыл жоолук жалжалым) чыгармасы дал ушундай аталышта ак экранга ылайыкташтырылган Чынгыз Айтматовдун айкелинин ачылышын жасады.



Тектеш кабарлар