Эрдоган  -  Байден жолугушуусу

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү, директор, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири7

1732406
Эрдоган  -  Байден жолугушуусу

 Өткөн жумада Чоң жыйырмалардын  Римде болгон саммитинин негизинде президент Эрдоган менен Байдендин ортосунда өткөн жолугушуу Түркия  -  Америка карым  - катнаштарынын келечеги үчүн маанилүү эле.

Эки тараптуу жолугушуунун андан мурунку жумада болгон элчилер кризисинен кийинкиге туш келиши жолугушууну дагы да маанилүү абалга алып келди. Элчилер кризиси чечилсе да Түркия  -  Америка карым  - катнаштарындагы башка маселелер жолугушуунун негизинде каралды бирок чечүүгө боло турган формула табылган жок. Жолугушуунун позитивдүү өтүшү оң кабыл алынып, маселелердин чечилишине байланыштуу бир эрктин ортого салынышы Түркия  -  Америка карым  - катнаштарындагы кризистин тереңдешине тоскоол болду.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү, директор, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.

Карым  - катнаштарда жаңы бир бет ачуу үчүн күтүлгөн эң негизги абал Түркиянын АКШдан талап кылган Ф  - 16ларды алуу жана модернизациясынын Америка Конгрессинин тоскоолдугуна учурабастан ишке ашышы. Бирок Байден башкаруусунун бул тууралуу бир кепилдик бергенин айтуу мүмкүн эмес. Анткени мындай сатуулар АКШда Конгресстин жактыруусуна ээ. Байден Конгрессти ынандыруу үчүн колунан келгендин баарын жасайм дегени менен, эксперттер Конгресстин бул маселеге анча деле кызыкпай турганын айтышууда. Эгерде эки өлкө Ф - 16ны сатып алуу жана модернизациялоо боюнча бир пикирге келе албаса, Түркия - Америка карым - катнаштардагы коргонуу кызматташтыгы дагы талаштуу болушу мүмкүн.

Дагы бир маселе АКШнын Сириядагы ЙПГ террордук уюмуна жардамдарын улантышы. Президент Эрдогандын «чыдамыбыз калган жок» деген билдирүүсү  Түркиянын Сирияда жакын арада аскердик операция баштаарынын белгиси катары түшүнүлсө да азырынча  операция баштала элек. Эрдоган жолугушуудан кийин ЙПГга кайрадан колдоо көрсөткөн Байден башкаруусун сындап, муну ушул бойдон улантуунун мүмкүн эместигин айтты. Мындай сындар Түркия менен АКШнын Сирия боюнча жакынкы келечекте бир бүтүмгө келүүсү кыйын экенин көрсөтүүдө.

Албетте, жолугушуунун жакшы жактары да болду. Байден айрыкча Түркиянын Афганистанга байланыштуу жүргүзгөн процессинин маанисин баса белгилеп, Түркиянын Афганистанда маанилүү роль ойной ала турганын айтты. Ошондой эле эки өлкөнүн Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Ливия боюнча биргелешип иш алып барарын баса белгилеши маанилүү эле.

АКШ менен Түркиянын ортосунда эки негизги маселе бар: биринчиси, ишеним кризиси. Эки өлкө бири - бирине болгон ишенимди жоготту. Экинчиси - коопсуздук кризиси. АКШнын өзгөчө Сирияга байланыштуу саясаты Түркия үчүн коопсуздук кризисин жаратууда. Бул эки кризисти жеңбей туруп, эки өлкөнүн жаңы барак ачуусу оңой болбойт.



Тектеш кабарлар