Илим жана маданият көпүрөлөрү - 9

Махмуд Кашгари жана "Диванү лүгати  т- түрк"

74516
Илим жана маданият көпүрөлөрү  - 9


10-кылымдын 40-жылдары Теңир-Тоонун саясий картасында «Кара кагандар дөөлөтү» деген көчмөн түрк калктарынын жаңы мамлекети пайда болгон. Кара кагандар дөөлөтүнүн негиздөөчүсү Сатук Буура-хан Теңир-Тоодогу баардык түрк калктарын саясий жактан бириктирүүгө умтулган. Бул каган теңир-тоолук бийлик төбөлдөрүнүн ичинен биринчи болуп ислам динин өз ыктыяры менен кабыл алган. Бийлик анын уулу Байташка өткөндө, ал 960-жылы исламды өз дөөлөтүнүн мамлекеттик дини деп жарыялаган. Баарыбызга маалым болгондой, Кара кагандар мамлекетинде илим жана маданият абдан өнүгүп, Теңир-Тоодогу түрк элдери «мусулмандык ренессансты» башынан өткөргөн.
11-кылымдын ортосунда Ортоңку Чыгыштын негизги шаарларын огуздун Селчук дөөлөтүнүн султандары ээлеген эле. Көп өтпөй эле Селчук султандары Ортоңку Чыгыштан Кара каган дөөлөтүнө чейинки аймактарга өз үстөмдүгүн орното баштаган. Кыскасын айтканда, 11-кылымда ислам дүйнөсүнүн ар тарабында түрктөрдүн сөзү өтүп, баркы көтөрүлгөн; түрк элдеринин тилине, тарыхына, маданиятына кызыгуулар күч алган. Дал ушундай тарыхый кырдаалда Махмуд Кашгари «Дивану лугати т-түрк» аттуу эмгегин жараткан. «Дивану лугати т-түрк», башкача айтканда «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» түрк калктарынын эң алгачкы сөздүгү болуп саналат
Махмуд Кашгаринин өмүр жолу тууралуу маалымат өтө аз. Махмуд Кашгари бир катар илимпоздордун божомолунда Ысык-Көлдүн түштүк-чыгышындагы Барскан деген калаада 1029-1038-жылдардын аралыгында туулган. Ал феодал төбөлдөрдүн үй-бүлөсүнөн чыккан. Омелян Прицактын пикири боюнча Махмуддун атасы Хусейин 1040-1050-жылдары Барскан калаасын бийлеген эмир болгон, ал эми чоң атасы болсо 1057-1058-жылдары каган болгон Мухаммед ибн Жусуп Кадыр-хан эле.
Кийинчерээк Махмуддун үй-бүлөсү саясий окуяларга байланыштуу Кашкарга көчүп келет. Ал мезгилде Кашкар Кара каган дөөлөтүнүн чыгыш кагандыгынын диний жана маданий борбору эле. Махмуд бул шаарда таалим алган. Айрым илимий булактарда Махмуддун Багдадда да таалим алганы айтылат. Бирок кыргыз тарыхчысы Тынчтыкбек Чоротегиндин пикиринде, Махмуд Кашгаринин илимий көз карашы жана атуулдук турпаты толугу менен өз мекенинде – азыркы Кыргызстан менен Чыгыш Түркстан жайгашкан чөлкөмдө калыптанган.
Махмуд түрк, фарсы жана араб тилдерин илимпоз катары мыкты үйрөнгөн. Ал өз доорунда белгилүү болгон тилчи, тарыхчы, географ, картограф, философ жана башка илимпоздордун жана акындардын чыгармаларын өздөштүргөн.
Махмуд Кашгари кагандын тукумунан болгондуктан, Кара каган дөөлөтүндөгү бийлик талашуу жана башка саясий окуялар анын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизген. Айрым илимий булактарга караганда Махмуддун атасы менен чоң атасы ордодогу саясий дүрбөлөңдө набыт болушкан, Махмуд болсо бул дүрбөлөңдө Кашкарды таштап, коңшу түрк өлкөлөрүнө кетүүгө аргасыз болгон. Ал он жылдан ашуун жер кезген, акыры Багдадга келип, ал жерде саясий качкын иретинде жашап калган. Айрым изилдөөчүлөр анын 89 жашында мекенине кайтып келгенин айтышат. Бирок Махмуд Кашгаринин кайсыл жерде жана качан көз жумганы тууралуу так маалымат жок.
Махмуд Кашгари өз мекенин таштап кетүүгө мажбур болуп, жер которгон убагында түрк элдеринин негизги тилдерин жана диалектилерин изилдөө ишин негизги максаты катары тутунган. Ал 10 жылдан ашуун убакыт түрк тилдүү элдер жашаган жерлерди кыдырып; түрк, түркмөн, чигил, огуз, ягма жана кыргыз калктарынын тилдерин изилдеп, макал-ылакап, дастан, ыр жана башка маалыматтарды топтогон. Андан кийин «Дивану лугати т-түрк», башкача айтканда «Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» деген гениалдуу эмгегин жараткан
Махмуд Кашгари «Дивану лугати т-түрктү» 1072-жылдан 1077-жылга чейинки беш жылдын аралыгында жазып бүткөн. Ал бул сөздүгүн 1075-жылы Багдатта халифеликке келген Аббасилердин халифеси Муктеди Биллахка тартуу кылган экен. Ушул маалыматка таянып айрым изилдөөчүлөр Махмуд Кашгари «Түрк тилдеринин сөз жыйнагын» Багдадда жазган деп божомолдошот.
«Түрк тилдеринин сөз жыйнагы» эмгегинде түрк элдеринин тилдеринен алынган жети миң беш жүз сөздүн арапча котормосу жана сөздөрдүн кеңири түшүндүрмөсү берилген. Тигил же бул сөзгө байланыштырылып эки жүз токсон макал-ылакап, төрт кошок ыры, бир нече элдик дастандардан үзүндүлөр жана ырлар колдонулган. Бул жыйнакта түрктөрдүн негизги элдери жана урууларынын аттары, алар жашаган чөлкөмдөр жөнүндө жана башка баалуу маалыматтар да жазылган. Ошондой эле «Түрк тилдеринин сөз жыйнагында» Жердин борбору катары Ысык-Көл жана Борбордук Теңир-Тоо аймагы көрсөтүлгөн географиялык карта орун алган. Ушулардан улам «Дивану лугати т-түрктү» түрк элдери тууралуу баа жеткис энциклопедия деп сыпаттасак болот.
Махмуд Кашкари «Жавахир ан-нахв фи лугати т-түрк» - «Түрк тилдер синтаксисинин негиздери» аттуу дагы бир эмгек жазган экен. Бул тууралуу автор «Дивану лугати т-түрк» эмгегинде айтып өткөн. Бирок Махмуд Кашкаринин «Түрк тилдер синтаксисинин негиздери» деген эмгеги ушул убакка чейин эч жерден табыла элек. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе. Ал эми «Дивану лугати т-түрк» эмгегинин нускасынын кантип жоголбой бүгүнкү күнгө жеткени өзүнчө чоң баян. Бул тууралуу азыноолак кеп кылбасак болбойт.
«Дивану лугати т-түрктүн» дүйнөдөгү жападан -жалгыз көчүрмөсү 1266-жылы Махмуд Кашкаринин өз кол жазмасынан Мухаммед ас-Сави ад-Димашки тарабынан көчүрүлүп жазылган. Мындай эмгектин бар экени тууралуу маалымат орто кылымдагы түрк аалымдары Айынтаптык Айни, Шахабиддин Ахмет жана Катип Челебинин эмгектериңде айтылган экен. Бирок 1910-жылы күтүүсүздөн Стамбулда табылып калышына чейин дареги билинген эмес.
1910-жылдары Али Эмири аттуу китепкөй түрк изилдөөчү Стамбулдагы бир китеп сатуучудан «Дивану лугати т-түрктү» 30 алтын акчага сатып алат. Эмири бир баалуу китеп тапканы тууралуу ар кимге айтса да, эч кимге көрсөткөн эмес. Жалгыз гана ажырап кеткен барактарын тартипке келтирүү ишине жардам берүүсү үчүн Килисли мугалим Рыфат Билгенин колун бул китепке тийгиздирген. Кол жазма китептин басылышы тууралуу сунуштарды четке каккан Али Эмири Осмон дөөлөтүнүн бийлик төбөлү Талат Пашанын кийлигишүүсү менен гана сөздүктү бастырууга макулдугун берген. Бирок Али Эмири басма иштери менен жалгыз гана Рыфат Билге алектенсин деген талабын койгон. «Дивану лугати т-түрк» Килисли Рыфат тарабынан бир жарым жыл ичинде таш басмага даярдалып, 1914-1917-жылдардын аралыгында 3 томдук китеп болуп басылып чыккан. Түркия республикасы курулгандан кийин илимпоз Бесим Аталай тарабынан Түркия түркчөсүнө которулган. Бул котормо 1939-1942-жылдардын аралыгында жарык көргөн. «Дивандын» 1266-жылга таандык жападан -жалгыз кол жазмасы бүгүнкү күндө Стамбулдагы «Миллет» аттуу китепканада сакталып турат.
 Программаны даярдагандар Гүлдана Мурзакулова, Абдрасул Исаков, Элдар Орозалиев жана Назгүл Кадырова.

Адабияттар
1. Абдыкерим Абдразаков, «Махмуд Кашгари жана анын сөздүгүндөгү көркөм эстетикалык дөөлөттөр», (Кыргыз адабиятынын тарыхый өнүгүш маселелери деген китептеги бөлүм), e.university.kg/books/abdyrazakov/ch02s04.html‎, Жүктөө датасы: 21.02.2014.
2. Dilek Herkmen, Dîvânü Lugati’t-Tğrk’te Fiil Yapımı, Marmara Üniversitesi Türkiyat Araştırmaları Enstitüsü Doktora Tezi, İstanbul, 2009.
3. Чоротегин Тынчтыкбек Кадырмамбет уулу, Махмуд Кашкари (Барскани) жана анын «Дивану лугати т-түрк» сөз жыйнагы (1072-1077). - Бишкек; «Кыргызстан» басма үйү, 1997.
4. Гүлзура Жумакунова, Түрк лексикографиясынын тарыхынан (Түрк сөздүктөрүндө илимий принциптердин калыптанышы). – Бишкек, 2009. – 13-24-б.
5. Zeynep Korkmaz, “Kaşgarlı Mahmud ve Divanu Lûgati’t Türk”, Türk Dili Üzerine Araştırmalar, C.1, Ankara: TDK Yay., 1995, turkoloji.cu.edu.tr/ESKI%20TURK%20DILI/korkmaz_08.pdf‎, Erişim Tarihi: 20.02.2014.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар