Илим жана маданият көпүрөлөрү-7

"Кожа Ахмет Ясеви" атындагы казак-түрк эл аралык университети.

68734
Илим жана маданият көпүрөлөрү-7

Кадырлуу окурмандар. Советтер Союзу кулагандан кийин союздук республикалар өз эгемендүүлүгүн ала баштаганда, Түркия мамлекети Орто Азиядагы түрк тектүү мамлекеттерге өзүнүн боордоштук мамилесин айгинелей турган маанилүү кадамдарды жасаган. Түркия Республикасы түрк тектүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүн эң алгачкылардан болуп тааныган өлкө болгон. Түркиянын ошол мезгилдеги премьер-министри Сүлейман Демирел 1992-жылдын 27-апрелинен баштап 3-майына чейин Орто Азиядагы мамлекеттерге расмий иш сапары менен барып келген. Ушул сапардан 1 жыл өткөндөн кийин Түркия Республикасынын ошол мезгилдеги президенти Тургут Өзал Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга расмий иш сапары менен барып, маанилүү жолугушууларды өткөргөн. 1991-жылдын экинчи жарымынан 1993-жылга чейинки мезгил аралыгында Түркия Орто Азиядагы мамлекеттер менен 140тан ашуун келишим түзгөнгө жетишкен. Түркия маданият жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкка зор маани берген. Мисалы, Сүлейман Демирел 1992-жылы расмий иш сапары менен Алматыга келгенде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен биргеликте Түркия жана Казакстандын биргелешкен университетин түптөө чечимин кабыл алган. Ушундан көп өтпөй эле «Кожа Ахмет Ясави» атындагы казак-түрк эл аралык университети негизделген. Бул университет Түркия менен Казакстандын билим берүү жаатындагы өз ара кызматташтык аракеттеринин эң алгачкы натыйжасы десек жаңылышпайбыз. Кымбаттуу окурмандар, бүгүнкү сөзүбүз «Кожа Ахмет Ясави» атындагы казак-түрк эл аралык университети тууралуу болмокчу.
Орто Азиядагы мамлекеттер эгемендүүлүккө жетээрине аз калганда Казак Советтик Социалистик Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев өткөн тарыхта түрк калктарынын илимий жана маданий борбору болгон Түркстан шаарында мамлекеттик университет ачуу чечимин кабыл алган. 1991-жылдын июнь айында “Түркстан” мамлекеттик университети негизделген. Бул университеттин башкы милдети “Түркстан шаарынын өнүгүшүнө салым кошуу” болгон. Белгилей кетели, Түркстан - Казакстандын түштүгүндө жайгашкан анча чоң эмес шаар. Бул шаар жайгашкан жерде байыркы заманда “Йассы” деген шаар болгон экен. 12-кылымда Орто Азияда ислам дининин жайылуусунда өтө чоң роль ойногон улуу сопу, ойчул жана акын Кулкожо Ахмет Ясави “Йассы” шаарында жашап өткөн. 14-кылымда Амир Темир “Йассы” шаарына башкача айтканда азыркы мезгилде “Түркстан” деп аталган жерге Кулкожо Ахмет Ясавинин көз жоосун алган күмбөз-мавзолейин курдурган.

Түркстан шаарынын түрк тектүү мамлекеттер үчүн руханий жана тарыхый мааниси зор. 1992-жылы Түркия Республикасынын Премьер-министри Сүлейман Демирелдин Казакстанга жасаган эң биринчи расмий иш сапарында “Түркстан” мамлекеттик университетин Казакстан менен Түркиянын биргелешкен университетине айлантуу чечими бекер жеринен кабыл алынган эмес. Сүлейман Демирел менен Нурсултан Назарбаевдин эң башкы максаты түрк тектүү калктар үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон Түркстан шаарында бүтүндөй түрк дүйнөсүнө пайдасы тийе турган университетти түптөө болгон десек жаңылышпайбыз. 1992-жылдын 28-сентябрь күнү Анкарада “Түркстан” мамлекеттик университетин “Кожа Ахмет Ясави” атындагы казак-түрк эл аралык университетине айлантуу боюнча меморандум кабыл алынган. Ал эми 1992-жылдын 31-октябрында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Анкара шаарындагы жыйынында Казакстан менен Түркиянын өкмөттөрү Түркстан шаарында “Кожа Ахмет Ясави” атындагы казак-түрк эл аралык университетин ачуу боюнча эл аралык келишимге кол коюшкан. 

“Ахмет Ясави” атындагы университет 1994-1995-окуу жылынан тартып студенттерге билим бере баштаган. Бүгүнкү күндө университетте 11 факультет, 1 жогорку мектеп жана 4 институт бар. Университетте билим берүү түрк жана казак тилинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары англис жана орус тилдери чет тили катары окутулат. 2013-жылдагы маалыматтарга таянсак, Ахмет Ясави атындагы университетте дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн келген жана 29 улуттун өкүлү болгон 14 миң студент билим алууда. Университетте билим алып жаткан 4600 студент Түркиянын жарандары болсо, 1000 студент Казакстандан сырткаркы түрк тилдүү мамлекеттер жана калктардын өкүлдөрү болуп саналат. Баса белгилей кетчү нерсе, “Ахмет Ясави” атындагы университеттин жобосунда “Түрк тилдүү мамлекеттердин жана калктардын жаштарына бир чатырдын алдында билим берүү” университеттин эң башкы максаты катары көрсөтүлгөн.
Ахмет Ясави атындагы университетке Казакстандын жарандары өлкөнүн билим берүү министрлиги тарабынан өткөрүлгөн сынак аркылуу тандалып алынса, Түркия жарандары Түркия Республикасынын Студент тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн «Студент тандоо сынагы» аркылуу кабыл алынат. Ал эми, түрк тилдүү башка мамлекеттердин жана калктардын жарандары университеттин ректораты тарабынан уюштурулган тандоо иш-чараларынын негизинде университеттин студенти болуу укугуна ээ болушат.
Урматтуу окурмандар, азыр болсо “Ахмет Ясави” атындагы университеттин өзгөчөлүктөрү жана бул университеттин түрк дүйнөсүндөгү орду тууралуу учкай сөз кылабыз.
“Ахмет Ясави” атындагы университет Түркия өкмөтүнүн эл аралык келишим менен чет өлкөдө ачкан биринчи университети болуп саналат. Түркия өкмөтү бул университетти ачкандан көп өтпөй эле Кыргызстандын өкмөтү менен келишим түзүп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетин негиздеген. Кийинчерээк түркиялык ишмерлер тарабынан дүйнөнүн төрт тарабында жеке менчик университеттер ачыла баштаган. “Ахмет Ясави” атындагы университет бир гана Түркиянын эмес, Казакстандын да “мамлекеттик” университети болуп эсептелет. Бул университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдору эки өлкөдө тең бирдей таанылат.
“Ахмет Ясави” атындагы университет Казакстандагы башка эл аралык университтерден 106 орундуу ооруканасы болгон медициналык факультети менен өзгөчөлөнүп турат. “Ахмет Ясави” атындагы университеттин медициналык факультетинин ооруканасы Түркия мамлекети тарабынан толугу менен каржыланып 2008-жылы бүткөрүлгөн. Бул оорукана Казакстандын заманбап, эң алдыңкы ооруканаларынын бири экени талашсыз.
Университеттин “Түркология” илим изилдөө институту менен “Евразия” илим изилдөө институту түрк тектүү калктардын тарыхы, тил жана адабияты, маданияты, коомдук жана экономикалык абалы боюнча абдан маанилүү илимий иш-чараларды жүргүзүп келе жатышат. Мисалы, “Түркология” илим изилдөө институту түрк тектүү калктардын тарыхын, тилин жана адабиятын бири-бирине салыштырып талдаган изилдөөлөрдү камтыган 20 монография менен “Түрк калктарынын тарыхы”, “Түрк дүйнөсүнүн тарыхый инсандары”, “Хундардын тарыхы” ж.б.у.с. китептер даярдалып басылды.
Ахмет Ясави атындагы университет тарабынан Кытайдын, Европа Биримдигинин, Россиянын, Япониянын, Ирандын жб. өлкөлөрдүн Орто Азияга карата жүргүзгөн политикасы боюнча олуттуу изилдөөлөр китеп болуп басылып чыгарылууда. Мындай изилдөөлөрдү Орто Азиядагы бардык мамлекеттер үчүн маанилүү жана керектүү булак десек болот.
Университет бир гана Казакстанда эмес, Түркияда да маанилүү иш-чараларды жүзөгө ашырып келе жатат. “Ахмет Ясави” атындагы университет 2004-жылы Анкарада “Ясави” атындагы өнөрпоздор тобун түзгөн. Бул топ түрк тектүү калктардын ыр-бийин жб. маданий баалуулуктарын Түркияга таанытуу максатын көздөйт. “Ясави” атындагы өнөрпоздор тобунда Түркияда билим алып жаткан кыргыз, казак, өзбек, азери, татар, бурят, түркмөн, башкыр, алтайлык студенттер иш алып барышат. Топтун мүчөлөрүнө ай сайын стипендия берилет.
Кымбаттуу окурмандар, “Ахмет Ясави” атындагы университеттин Түркия менен Казакстандын ортосундагы абдан маанилүү илимий жана маданий көпүрө болгонун баса белгиледик. Программаны даярдагандар - Гүлдана Мурзакулова, Абдрасул Исаков, Назгүл Кадырова жана Элдар Орозалиев.

Адабияттар:
1. Ali Faik Demir, “Sovyet Sosyalist Cumhuriyetler Birliği Sonrası Türkiye ile Orta Asya Arasındaki İlişkiler ve Bu Konuda Etkili Olan Faktörler”, Stratejik Araştırmalar Dergisi, Sayı: 2, Yıl: 1 Eylül 2003, Ankara, s. 161-179.
2. Aynur Coşkun, Türkiye Cumhuriyeti'nin Avrasya Ülkeleriyle Olan Diplomatik İlişkileri (1991-1995), bilig Dergisi, Sayı: 2, Yaz 1996, Ankara, s. 23-34.
3. “Ahmet Yesevi Üniversitesi’nin Kuruluşu”, http://www.yesevi.edu.tr/index.php?option=com_content&view=article&id=2&Itemid=4, Erişim Tarihi: 09.02.2014.

4. “Erdoğan: 'Türk Erasmus'u kuralım'', http://www.hurriyet.com.tr/gundem/20619701.asp, Erişim Tarihi: 08.02.2014.

5. Nur Kırmızıdağ, Bekir S. Gür, Türker Kurt, Nevfel Boz, Yükseköğretimde Sınırötesi Ortaklık Tecrübeleri: Rapor, Ankara, 2012.
6. “Tarihçe”, http://www.yesevi.edu.tr/index.php?option=com_content&view=article&id=1&Itemid=118, Erişim Tarihi: 08.02.2014.
7. “Türkiye - Kazakistan Siyasi İlişkileri”, http://www.mfa.gov.tr/turkiye-kazakistan-cumhuriyeti-siyasi-iliskileri.tr.mfa, Erişim Tarihi: 07.02.2014.
8. Hoca Ahmet Yesevi Uluslararası Türk-Kazak Üniversitesi Tüzüğü, http://www.yesevi.net/HTMLS/Tuzuk_Yonetmelik/Tuzuk.html, Erişim Tarihi: 06.02.2014.
9. Yalçın Bayer, “Türkistan'dan esen yeller”, http://hurarsiv.hurriyet.com.tr/goster/haber.aspx?id=259317, Erişim Tarihi: 06.02.2014.
10. Yesevi Sanat Topluluğu Tanıtım Broşürü, www.yesevi.edu.tr/static/tanitim/yesevi_sanat_toplulugu_tr.pdf‎, Erişim Tarihi: 06.02.2014.

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар