Илим жана маданият көпүрөлөрү-6

Али Кушчунун өмүр таржымалы жана эмгектери.

67546
Илим жана маданият көпүрөлөрү-6

Урматтуу окурмандар, 15-кылымдан мурда Түркстан чөлкөмүндөгү илим-билимдин деңгээли Анатолиядагыга салыштырмалуу алда канча жогору турган. Ошондуктан Осмон мамлекетинен Түркстанга таалим алуу максатында илимпоздор жана диниятчылар келип-кетип турушкан. Бирок 15-кылымда саясий жана башка ар түрдүү себептерден улам Түркстанда илим-билим былкылдагыс калыпка салгандай сенек болуп калган. Ал эми Осмон мамлекетинде болсо 15-кылымдын экинчи жарымында өкүмдардык тактына Экинчи Мехмет отургандан кийин илим-билим жандана баштаган. Анткени Экинчи Фатих Мехмет илимге абдан берилген өкүмдар болгон.
Түркиялык айрым тарыхчылар 15-кылымда Түркстандагы абалдан улам Осмон мамлекетине көчүп кеткен Хорасан жана Мавераннахрдын илим-билимге жетиккен өкүлдөрү Осмон мамлекетинде илим-билимдин өнүгүшүнө зор салымдарын кошушкан деп айтышат. Буга мисал катары Самаркандда туулуп өскөн, өкүмдар Улукбектин жан-жөөкөрү, шакирти болгон, өмүрүнүн аяк ченинде Стамбулга келип Осмон мамлекетинде атак-даңкка жетишкен улуу астроном жана математик Али Кушчуну көрсөтүшөт. Программабыздын бүгүнкү чыгарылышында Али Кушчунун өмүр таржымалы жана эмгектери тууралуу айтып беребиз.
Али Кушчунун чыныгы аты Алааддин Али болгон. Атасы Мухаммед белгилүү түрк өкүмдары Улукбектин мүнүшкөрү болгондуктан үй-бүлөсү «Кушчу» деген лакап ат менен таанылган. Али Кушчунун Мавераннахрдын кайсыл жеринде, качан туулгандыгы тууралуу так маалымат жок. Бирок ал жөнүндө жазылган илимий булактардын көбүндө анын 15-кылымдын башында Самаркандда туулгандыгы божомолдонуп айтылат.
Али Кушчу Самаркандда башталгыч жана диний билимин алгандан кийин, өз доорунун белгилүү аалымдары бурсалык Кадызаде Руми менен Гийасаддин Жамшидден математика жана астрономия илимдери боюнча билим алган. Ошондой эле айтылуу Амир Темирдин небереси, Түркстан жана Мавераннахр аймагынын өкүмдары, астроном Улукбектин шакирти болгон. Түркиялык билим тарыхчысы Аднан Адывар белгилеп өткөндөй Улукбектин астрономиялык жадыбалдар боюнча эмгегинин сунуш бөлүмүндөгү сөздөрүнөн анын Али Кушчуга досундай жана өз баласындай мамиле кылганы көрүнүп турат.
Улукбек 1420-жылдары Самаркандга жакын жерде обсерватория курдурган. Улукбек обсерваторияда күн, ай, планеталар менен жылдыздарды изилдеп, астрономиялык жадыбалдарды түзүү жана обсерваторияны жетектөө милдетин эң биринчи Кашандык илимпоз Гийасаддин Жамшидге жүктөгөн. Гийасаддин Жамшид дүйнө салгандан кийин анын милдеттерин Улукбек менен Али Кушчунун устаты болгон Кадызаде Руми аркалаган. Көп өтпөй эле Кадызаде Руми да дүйнө салган. Ошондо Улукбек өзүнүн обсерваториясын жетектеп, изилдөөлөрдү улантууну Али Кушчуга тапшырган. Али Кушчу Улукбектин обсерваториясында 20 жылдан ашуун эмгектенген. Али Кушчунун обсерваториядагы изилдөөлөрүнүн натыйжасында Улукбек «астрономиялык жадыбалдар» боюнча китебин толугу менен жазып бүтүргөн. Бул эмгек ислам дүйнөсүндө «Зижи жадиди Курагони» жана «Улукбектин астрономиялык жадыбалдары» деген аттар менен белгилүү болгон. «Зижи жадиди Курагони» китебинде жылдыздардын бийиктиги, меридиан сызыгы, кеңдик, жылдыз жана планеталардын арасындагы аралык сыяктууларды өлчөөнүн, күндүн тутулушун аныктоонун усулдары; 1018 жылдыздын жайгашуу координатасы келтирилген. Китепте берилген маалыматтардын тактыгынан улам анын дүйнөлүк астрономия жаатындагы баа-баркы ушул күнгө чейин да төмөндөгөн жок.
1449-жылы Улукбек кара чечекей уулу Абдуллатиф тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин Али Кушчу «ажылыкка барам» деп мырзалардан уруксат алып Самарканддан чыгып кеткен. Ал Тебризге келгенде Ак-коюндуктардын өкүмдары Узун Хасан Али Кушчуга сый-урмат көрсөтүп, Стамбулду багындырган Осмон мамлекетинин султаны Экинчи Фатих Мехметке өзүнүн элчиси катары барууну сунуш кылат. Айта кетчү нерсе, Али Кушчунун үй-бүлөсү менен шакирттери да Тебризге келишкен эле. Ошентип Али Кушчу Стамбулга элчи катары жөнөйт.
Осмон дөөлөтүнүн илимге берилген өкүмдары Экинчи Мехмет Али Кушчунун табигый илимдер менен диний илимдер жаатындагы эмгектеринен кабардар эле. Ошондой эле Экинчи Мехмет чыгыш менен батыштын аалымдарын жана өнөрпоздорун жанына топтоочу. Ошондуктан Али Кушчу келгенде аны Стамбулда алып калгысы келген. Экинчи Мехметке Али Кушчу элчилик милдетин аткарып бүткөндөн кийин Стамбулга кайтып келүү убадасын берген. Али Кушчу Тебризге барып, Узун Хасандан уруксат алып, анан үй-бүлөсү жана шакирттери менен чогуу Стамбулга кайтып келген. Экинчи Мехмет аны «Айа-София» медресесине мүдарис кылып дайындагандан кийин Стамбулдагы астрономия жана математика жаатында жандануу болгону байкалган. Али Кушчунун астрономия жана математика сабактарына жергиликтүү илимпоздор да кызыгып катышышкан. Али Кушчу Стамбул жайгашкан кеңдик жана узундукту тактап чыккан; Стамбулда күн саатын жасаган; Семанийе медреселеринин сабак программаларын иштеп чыккан деп айтылып жүрөт. Али Кушчу Стамбулда 1474-жылы дүйнө салган.


Кымбаттуу окурмандар, Али Кушчунун илимий эмгектери, китептери жөнүндө айтпай кетсек болбойт.
Али Кушчу көптөгөн маанилүү эмгектерди жазып, Орто кылымдагы ислам дүйнөсүнүн илим-билим казынасын байыткан десек жаңылышпайбыз. Алааддин Али астрономия жана математика менен эле чектелип калбай тил, калам жана усули фикх жаатында да эмгектерди жараткан.
Али Кушчу Самаркандда жүргөн мезгилинде илимин өркүндөтүү үчүн Ирандын Керман деген жерине барууну чечкен. Бирок устаттары Кадызаде Руми менен Улукбек уруксат бербей коёт деп чочулап жашыруун түрдө Керманга кеткен. Ал жерде Насираддин Тусинин калам илими жаатындагы эң маанилүү эмгеги болгон «Тежридүл келамды», ошондой эле бул эмгектин түшүндүрмөcүн окуп чыгып, өзү да бул эмгек боюнча түшүндүрмө түрүндөгү «Шерхут тежрид» деген китебин жазган. Али Кушчу ушул китебинде Аристотелдин «Жер дүйнөнүн борборунда кыймылсыз турат, ал айланма кыймыл жасабайт, Жердин айланасында сфералар айлануу процессинде турат» деген пикирине каршы чыгып, Жердин кыймылы боюнча жетиштүү далилдер жок экенин, Жердин кыймылда болушу мүмкүн экенин билдирген. Алааддин Али Керманда «Халл-ү Ешкал-и Камер» башкача айтканда «Ай тизмегинин ачыкталуусу» аттуу китепче да жазган. Ал Самаркандга кайтып келгенде бул китепчесин Улукбекке тартуулап, анын мактоосуна татыган. Айрым илимий булактарда Улукбек Али Кушчуну Кытайга жиберген, Али Кытайдан кайтканда Жердин аянтын жана меридианды эсептеп чыккан деп айтылат.
Али Кушчунун Осмон Дөөлөтүндөгү эң атактуу эмгектери «Мухаммедийе» жана «Фетхийе» деп аталган эмгектери болгон десек жаңылышпайбыз. Али Кушчу бул эки эмгегин Осмон мамлекетинин өкүмдары Экинчи Фатих Мехмет тартуулаган экен.
Али Кушчунун кол жазма жана басылган түрдөгү 20га жакын эмгеги Түркиядагы «Сүлейманийе», «Көпрүлү», «Рагыб Паша» жана «Нуруосманийе» деген китепканаларда баалуу мурас катары сакталып келе жатат.

Урматтуу окумандар
, ушуну менен программабыздын бул аптадагы чыгарылышын аяктайбыз. Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков, Гүлдана Мурзакулова, Элдар Орозалиев жана Назгүл Кадырова.


Адабияттар
1. A. Adnan Adıvar, Osmanlı Türklerinde İlim, İstanbul: Remzi Kitabevi, 1982.
2. A. Adnan Adıvar, “Ali Kuşçu”, İslam Ansiklopedisi,Cilt: 1, İstanbul: Milli Eğitim Basımevi1978.
3. Ahmet Kankal, “Ali Kuşçu”, Ankara Üniversitesi Dil ve Tarih Coğrafya Fakültesi Dergisi, C. XXXVI/12 (Ankara 1993), s. 103-118.
4. “Ali Kuşçu”, Türkiye Diyanet Vakfı İslam Ansiklopedisi, Cilt: 2, İstanbul, 1989, s. 408-410.
5. “Али Кушчу”, http://www.trtarabic.com/trtworld/kr/newsDetail.aspx?HaberKodu=9689cba1-fd16-4b3e-86ec-0ef381e29b94, 02.01.2014.
6. “Али Кушчу жөнүндө маалыматтар”, http://www.trtarabic.com/trtworld/kr/newsDetail.aspx?HaberKodu=9ddc2022-a5b1-4a7c-a7ab-3bd1ac586f1a, 02.01.2014.
7. Gleb Golubev, Uluğ Bey, Çev. Abdrasul İaskov, Ankara: Türk Tarih Kurumu Basımevi, 2011.
8. F. Jamil Ragep, “Ali Kuşçu ve Regiomontanus: Dışmerkezli Dönüşümler ve Kopernik Devrimi”, Çev. Yavuz Unat, Osmanlı Bilimi Araştırmaları, Cilt: VIII, Sayı: 1, 2006, http://www.journals.istanbul.edu.tr/tr/index.php/oba/article/view/10920, Erişim Tarihi: 02.01.2014.
9. Л. В. Блинников, Философтордун кыскачы сөздүгү, Бишкек, 1997.
10. П. Хабибуллаев, А. Байдедаев, А. Бахрамов, М. Юлдашева, Физика:Жалпы орто билим берүүчү мектептердин 9-классы үчүн окуу китеби, Ташкент, 2010, 133-134-б.
11. İlay İleri, “Ali Kuşçu and His Contributionsto Mathematics and Astronomy”, http://dergiler.ankara.edu.tr/dergiler/19/1335/15458.pdf, Erişim Tarihi: 02.01.2014.
12. Musa Yıldız, “Ali Kuşçu’nun Ris’ale fi’l-İsti’âre’si”, İslâm Araştırmalar Dergisi, Sayı: 3, 1999, http://english.isam.org.tr/documents%5C_dosyalar%5C_pdfler%5Cislam_arastirmalari_dergisi%5Csayi03%5C215_234.pdf, Erişim Tarihi: 02.01.2014.
13. Remzi Demir- Yavuz Unat, “Ali Kuşçu”, Düşünen Siyaset, Sayı: 16, Ankara, 2002, s. 231-255.

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар