Илим жана маданият көпүрөлөрү-4

Кулкожо Ахмет Ясави жана "ясавилик" диний жолу.

131981
Илим жана маданият көпүрөлөрү-4


 

Аалам билди жүрөккө ашыктыкты салганда,

Сен керексиң күнү-түн беш күндүк бул жалганда.

Ашыктыкка толтурду сүйгөндөрдүн жүрөгүн,
Шүгүр кылып Аллага оттой жанып жүрөмүн.
Эки ааламдын мен үчүн эч бир баасы калбады,
Ашыктыкка берилип сүйдүм жалгыз Алланы.
Алла Таалага болгон сүйүүнү эмоцианалдуу түрдө чагылдырган ушул ыр түрмөктөрү Кулкожо Ахмет Ясавиге таандык. Кулкожо Ахмет Ясави Орто Азияда исламдын жайылуусунда өтө чоң роль ойногон улуу сопу, ойчул жана акын болгон. Кулкожо Ахмет орто кылымдагы түрк тектүү аалымдардын арасынан эң алгачкылардан болуп суфизм агымына тиешелүү өзүнүн диний мектебин негиздей алган. Анын көз караштарынын жана жашоо образынын негизинде суфизм агымында «ясавилик» деген диний жол келип чыккан. Ясавилик адамдарды напсини теске салып, жан дүйнөнү тазалоо менен жараткан Аллага жакындоого үндөгөн бир диний жол болгон. Ясавилик 13-кылымдан тарта Түркстан жана Хорасандан Анатолияга келген дервиштер аркылуу Анатолиядагы элдерге да тааныла баштаган.
Айрым илимий булактарда Анатолияда өтө белгилүү болгон «Накшибандилик» жана «Бекташилик» деген диний жолдордун дал ушул ясавиликтин негизинде пайда болгондугу айтылат. Урматтуу угармандар, өзүңүздөр деле байкаган чыгарсыздар, «Илим жана маданият көпүрөлөрү» программаcынын бүгүнкү чыгарылышынын темасы Кулкожо Ахмет Ясави жана «ясавилик» диний жолу болуп саналат.
Кулкожо Ахмет Түркистан аймагындагы Чымкент шаарына жакын жайгашкан Сайрам деген жерде жарык дүйнөгө келген. Кулкожо Ахметтин туулган жылы тууралуу так маалыматтар жок. Бирок ал тууралуу жазылган илимий макалалардын көбүндө анын XI-кылымдын экинчи жарымында же XII-кылымдын баштарында туулгандыгы божомолдонуп айтылат. Атасы шейх Ибрахим Сайрамда атагы чыккан зат эле. Ахмет Ясави алгач энеси Айшадан айрылган, ал 7 жашка толгондо атасы шейх Ибрахим дүйнө салган. Эжеси Гавхар Шахназ аны алып Яссыга жер которгон.
Кулкожо Ахметтин Яссыдагы жашоосуна, дегинкиси эле бүтүндөй өмүр таржымалына байланыштуу көптөгөн сырдуу окуялар жана уламыштар айтылып жүрөт. Мисалы, Кулкожо Ахмет Яссы шаарында Арстан Баба деген заттын колунда таалим-тарбия көргөн. Уламыштарга караганда, Арстан Баба сахабалардан эле. Пайгамбарыбыз азирети Мухаммед Арстан Бабага Ахмет Ясавини таап, бейиштен Жабраил периште алып келген курманы жеткирүүнү жана аны тарбиялоону табыштайт. Арстан Баба ал курманы таңдайында сактап 400 жыл жашайт. Анан Ахмет Ясавини тапканда аманат болгон курманы берет жана Ясавиге дин жолунда устаттык кылат.

Кандай болсо да Кулкожо Ахмет эң алгач Яссы шаарында сопулукту башкача айтканда тасаввуф илимин үйрөнгөн. Кийин ал сопулук жолундагы илимин тереңдетүү максатында Бухара шаарына келген. Ошол учурда Бухара Түркистан аймагындагы илимий борборлордун бири болчу. Ахмет Ясави Бухарада суфизм агымынын эң көрүнүктүү өкүлү, өз заманынын залкар аалымы шейх Юсуф Хамаданиден таалим ала баштаганда 27 жашта эле. Ахмет Ясави Юсуф Хамаданинин эң мыкты шакирттеринин бири болгон, ошондуктан устаты аны өзүнүн үчүнчү халифасы катары атап өткөн. Устатынын экинчи халифасы Хасан Андаки өлгөндөн кийин Ахмет Ясави өзү устаттардын катарына кошулуп, элди туура жолго үгүттөгөндөрдөн болуп калган. Бирок көп өтпөй эле ал ордун шейх Абдулхалик Гуждуваниге тапшырып, өзү Яссы шаарына кайтып келип, ал жерде исламга үгүттөө иштерин жүргүзө баштаган. 

Түн уйкусун миң бөлүп куран айткан Мухаммед,
Карыптарга кайрымын улам айткан Мухаммед.
Жолдон азган азгынга жол азыктуу Мухаммед,
Кимге эмне зар болсо мол азыктуу Мухаммед...
Дарттуулардын дартына даба берген Мухаммед,
Жамандыкка жакшылык жана берген Мухаммед,- деп пайгамбарыбыздын өрнөктүү жашоосун суктануу менен ырга салган Ахмет Ясави пайгамбар жашына келгенде өзүнө жашоону ыраа көрбөй калган. Тагыраак айтканда Ясави 63 жашка толгондо шакирттерине теккесинин короосуна кабыр сыяктуу жер төлө даярдатып, өмүрүнүн калганын ошол жерде ибадат кылуу менен өткөргөн. Анын жер төлөдө канча убакыт калганы - белгисиз. Айрым булактарга таянсак, Ахмет Ясави 1166-жылы дүйнө салган.
Белгилей кетелик, Казакстандын Түркистан деп аталган шаарындагы Ахмет Ясавинин укмуш кооз күмбөз-мавзолейин 14-кылымда Аксак Тимур салдырган.
Программабызды Кулкожо Ахмет Ясавинин көз карашы, «Дивани Хикмет» чыгармасы жана «Ясавилик» тууралуу баяныбыз менен уланталы.
Ахмет Ясави жаш кезинен тартып көңүлүндө дайыма Алланы жатка кармап, ал аркылуу дүйнөнү туюп, дербиш болуу үчүн өтүш керек болгон мистикалык жолдун тепкичтеринин баарын басып өткөн. Ал өтө илимдүү болгон.
Кулкожо Ахмет Ясави исламдын негиздерин, шарияттын өкүмдөрүн жана өзүнүн диний-мистикалык көз караштарын элге түшүндүрүү ыкмасы катары элдик адабияттан алынган уйкаш ыргактагы ыр саптарын колдонгон. Кулкожо Ахмет Алланын жалгыздыгы, ага ишенүү, Курандын шарияттарын аткаруу, Алланын бардык нерселердин негизи экендигине ынануу, дүйнө-мүлккө умтулбоо, дүйнөнү кечүү сыяктуу өзүнүн диний-мистикалык көз караштарын санат-насыят формасында ырга салган. «Хикмат» башкача айтканда «даанышмандык» деп аталган анын ыр саптары арапча же фарсча эмес, Түркистандагы көчмөн калктын тилинде -түркчө болгон. Кулкожо Ахмет өзүнүн диний жолунун шарт-жобосун , маңызын эл сүйлөгөн жатык тил менен жеткилең түшүндүргөндүктөн, Ясавилик көчмөн түрк элдери арасында бат жайылган. Элдер Кулкожо Ахмет Ясавини «Түркистандын пири» деп аташкан.
Ясавиликтин Түркстандан Анатолияга чейин таркалышында Кулкожо Ахмет Ясавиден таалим алган дервиштер чоң роль ойношкон. Ахмет Ясавинин миңдеген шакирти болгондугу ар кандай булактарда айтылат.
Сөзсүз билгин бул дүйнө бардык калктан кетет-а,
Ишенбе малыңа, бир күн колдон кетет-а.
Ата-эне, туугандар кайда кетти, ойлонгун
Төрт аяктуу такта ат бир күнү сага жетет-а.
Дүйнө үчүн кам жебе, Актан башканы дебе,
Кишинин малын жебе, сырат үстүндө тутат-а.
Бала-бакыра, тууган, эч ким болбойт жолдош,
Жигит бол карып баш, өмүрүң жел сымал өтөт-а.
Кулкожо Ахмет ибадат кыл, өмүрүң билбейм канча жыл,
Өзүн билсең суу жана топурак, кайра топуракка кетет-а.
Ясавинин ушундай даанышмандык ыр түрмөктөрү оозеки түрдө айтылып келген, анан кол жазма түрүндө жыйнак болгон. Ясавинин ырлар жыйнагы «Дивани Хикмат» кийинчерээк Казан, Стамбул, Ташкент шаарларында китеп болуп басылып чыккан. «Дивани Хикмат» китеби Ташкентте 17 жолу, Казанда 9 жолу, Стамбулда 5 жолу кайталанып басылган. Булар өткөн кылымдардагы басылмалар эмеспи. «Дивани Хикматтын» жакынкы мезгилдеги басылмаларындан сөз кыла турган болсок, Советтер Союзу таркагандан кийин «Дивани Хикмат» Алма-Атыда жана Ташкентте миңдеген нуска менен басылып чыккан.Түркияда болсо «Дивани Хикматты» Кемал Эраслан, Хайати Биже сымал илимпоздор Түркиянын Маданият министирлиги жана Дин иштери башкармалыгынын колдоосу менен бастырып жайылтып келе жатышат.
Программаны даярдагандар - Гүлдана Мурзакулова, Элдар Орозалиев, Назгүл Кадырова жана Абдрасул Исаков.

Адабияттар
• Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз Адабияты: Тарых жана Мезгил, Бишкек, 2010
• Hoca Ahmed Yesevi, Divan-ı Hikmet, Haz: Hayati Bice, www.yeseviyiz.biz (Erişim Tarihi: 04.01.2014).
• Kaşif Yılmaz, “Ahmed Yesevî’nin Şöhreti ve Tesiri”,Türkiyat Araştırmaları Dergisi, Say: 3, Konya 1997, s. 59-69.
• Койлубаев К. К., «Суфичилик замана адабиятынын өзөгү катарында», arch.kyrlibnet.kg/?&npage=download&nadd=6269‎ (Erişim Tarihi: 30.12.2013).
• Мурзараимов Б, «Кожо Ахмед Ясавинин керемет дүйнөсүнөн » , http://www.akbashat.kg/9-9.php (Erişim Tarihi: 30.12.2013).
• Mustafa Yalçınkaya, “Ahmed Yesevi ve Divan-ı Hikmet”, Ankara Üniversitesi Eğitim Bilimleri Fakültesi Dergisi, Cilt: 26, Sayı: 1, 1993, s. 15-24.
• Неждет Тосун, «Ахмет Ясави тууралуу азыноолак сөз », http://www.akbashat.kg/9-6.php, (Erişim Tarihi: 30.12.2013).
• Eyüp Baş, “ Ahmed Yesevî’nin Bektaşîlik, Alevîlik Üzerindeki
Etkileri ve Osmanlı Dini Hayatındaki İzleri”, Ankara Üniversitesi İlahiyat Fakültesi
Dergisi, 52:2(2011), ss. 21-53

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар