Түрк ашканасы жумалыгы

Түрк ашканасынын жумалыгына карата 21-27-май күндөрү өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат.

2142004
Түрк ашканасы жумалыгы

Түрк ашканасынын тарыхый жана маданий мурастарын таанытуу максатында өткөрүлгөн «Түрк ашканасы жумалыгынын» алкагындагы иш-чаралар бүгүн башталат.

Түрк ашканасынын жумалыгына карата 21-27-май күндөрү өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат.

Иш-чаралардын арасында, президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын демөөрчүлүгү менен Президенттик комплексте «Кылымдардын даамдарынын жолугушуу жери: Жети аймакта түрк ашканасы» аттуу программа жана көргөзмө да бар.

Иш-чарада Түркиянын ар башка географиялык аймактарынын табигый жана маданий мурастары менен айыл чарба түрдүүлүгү, беш сезимге багыттала тургандай түрдө даярдалды.

Түрк ашканасы жана маданияты тууралуу маалымат бериле турган иш-чарада түрк ашканасынын өзгөчө сапаттары баса белгиленип, салттуу, пайдалуу жана ысырапсыз маданий мурастары менен түрк ашканасынын байлыгын тшүндүргөн видео көрсөтүлөт.

Көргөзмөдө түрк меймандостугунун кулинардык маданиятка чагылууларына басым жасалып, тамак-аш гана эмес, маданият, каада-салт жана эмпатия да бөлүшүлүп, жергиликтүү жана чет элдик коноктордун назарына тартууланат.

Бардык аймактардын кулинардык байлыктары менен дасторкон маданияттарын чагылдырган ашкана идиштери, кол өнөрчүлүк токуу иштери жана дасторкон презентациялары көрсөтүлө турган көргөзмөдө маданият, туризм, экономика сыяктуу көптөгөн тармактарга таасир этип кошумча нарк жараткан географиялык белгилери бар өнүмдөр таанытылат.

Мындан тышкары түрк ашканасынын тарыхын, тарыхый өнүгүүсүн жана аймактардын өзгөчө текстураларын санариптик экрандардан көрүүгө болот.



Тектеш кабарлар