Түркиядагы кыргыздар Изник шаарына чогулду

Түркия Республикасынын Изник шаарында 11-кылымда Изник шаарын (ал кездеги Византиянын Никея шаары) алуу үчүн салгылашууларда курман болгон кыргыз жоокерлерине арналган салттуу эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

2141731
Түркиядагы кыргыздар Изник шаарына чогулду
İznik 2.jpg
İznik 3.jpg

Түркиядагы кыргыздар Изник шаарына чогулду.

2024-жылдын 19-майында Түркия Республикасынын Изник шаарында 11-кылымда Изник шаарын (ал кездеги Византиянын Никея шаары) алуу үчүн салгылашууларда курман болгон кыргыз жоокерлерине арналган салттуу эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараны Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулу Рустам Кошонов баштаган Башкы консулдук кызматкерлери уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жана Бурса шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугу, ошондой эле Түркия Республикасындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана активисттери менен биргеликте өткөрүштү.

Иш-чаранын алкагында кыргыз жоокерлерин эскерип, куран окулуп, улуттук спорттук оюндар жана пикник уюштурулуп, кыргыз даамдары даярдалды.

Стамбул шаарындагы кыргызстандыктардын диаспорасы кыргыз жоокерлердин мемориалынын аймагына улуттук кыргыз боз үйүн тигип, Изник шаарынын мэриясына салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Иш чарага Стамбул, Анкара, Бурса, Анталия, Измир шаарларында жана Түркия Республикасынын башка аймактарында жашап жана окуп жаткан 500гө жакын Кыргызстандын жараны катышты.

Концерттик программага Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Өмүрзак Кайыпов менен катар Түркиядагы таланттуу жарандар катышты.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев, ошондой эле Изник шаарынын мэринин орун басары Ахмет Кая ачылыш сөздөрүн сүйлөштү.

Элчи Казакбаев белгилегендей, салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган. Ал кыргыз коомунун жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралардын консолидацияланышына салым кошкон мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар