Невшехирдеги Гөреме ачык асман алдындагы музей

Түркиянын эң көп кыдырылган 10 туристтик борборунун арасында орун алган Гөреме музейине быйыл январь айында 41 миң 889, февраль айында 45 миң 124, март айында 61 миң 987, апрель айында 126 миң 705 турист келди.

2141707
Невшехирдеги Гөреме ачык асман алдындагы музей

Невшехирдеги Гөреме ачык асман алдындагы музейи жылдын алгачкы төрт айында 275 миң 705 туристти өзүнө тартты.

Түркиянын эң көп кыдырылган 10 туристтик борборунун арасында орун алган Гөреме музейине быйыл январь айында 41 миң 889, февраль айында 45 миң 124, март айында 61 миң 987, апрель айында 126 миң 705 турист келди.

1985-жылдын 6-декабрында табигый, тарыхый жана маданий байлык катары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Гөреме Ачык асман алдындагы музейи, аскага чегилген чиркөөлөрү, монастырлары, ошондой эле бул жерлерде фреска деп аталган диний темадагы дубал сүрөттөрү менен өзгөчөлөнүүдө.

Ташка чегилген чиркөөлөрдөн тышкары 3-кылымда Рим императору Константин I тарабынан Христиандыктын кабыл алынышынан кийин бүгүнкү музей аянтында саны тез көбөйүп жаткан чиркөөлөрдөгү жакшы сакталган дубал сүрөттөрү келгендердин көңүлүн бурууда.



Тектеш кабарлар