Туристтик Туз экспресси Чанкырыга барды

Бул жерде өткөрүлгөн аземде губернатор Мустафа Ташолар менен протокл мүчөлөрү поездден түшкөн жүргүнчүлөрдү тосуп алышты.

2141136
Туристтик Туз экспресси Чанкырыга барды

Борбор шаар Анкарадан бир күндүк уюштурулган "Туристтик Туз экспрессинин" биринчи каттамы Чанкырыга барды.

Туристтик Туз экспресси Анкарадан алган  250 жүргүнчүсү менен Чанкыры бекетине келди. 

Бул жерде өткөрүлгөн аземде губернатор Мустафа Ташолар менен протокл мүчөлөрү поездден түшкөн жүргүнчүлөрдү тосуп алышты.

Туристтик Туз Экспрессинин алгачкы жүргүнчүлөрү күн бою Чанкырынын тарыхый жана туристтик жерлерин зыярат кылуу жана жергиликтүү даамдардын даамын татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Поезд менен шаарга келген зыяратчылар хетттерден мурас калган жер астындагы туз шаарын, медицинанын жана фармацевтиканын символу жаралган  Таш мечитти, 8 миллион жылдык фоссилдер сакталган Чанкыры музейин, Ферит Акалынды  радио жана байланыш музейин,  эски эмеректер менен жабдылган жана зыяратчыларды өткөн күнгө алып барган Чанкыры маданият үйүн көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

 



Тектеш кабарлар