Анкарада орус музыка музейи ачылды

Музейде орус музыкасы тууралуу көп сандаган чыгарма жана буюмдар искуссвто сүйүүчүлөрдүн кызыгуусуна тартууланды.

2140709
Анкарада орус  музыка музейи ачылды

Борбор шаар Анкарадагы Түрк  -  орус достук үйүндө "Орус музыка музейи" ачылды. 

Музейдин куратору Алёна Палажченконун демилгеси менен түзүлгөн Орус музыка музейинин ачылышына Беларустун Анкарадагы элчиси Виктор Рыбак, Россиянын Анкарадагы элчилигинин кеңешчиси Сергей Корицкий, Россиянын маданият жана илим борборунун (Орус үйү) башчысы Александр Сотниченко, түрк расмий өкүлдөр жана көптөгөн искусство сүйүүчүлөр катышты.

Музейдин дизайнери Палажченко: «Мен музыканы жакшы көрөм жана түрктөр да музыканы жакшы көрөрүн билем, орус жана түрк элдерин музыка аркылуу жакындатууну каалайм»,- деди.

Музейде орус музыкасы тууралуу көп сандаган чыгарма жана буюмдар искуссвто сүйүүчүлөрдүн кызыгуусуна тартууланды.

 



Тектеш кабарлар