ТРТнын санарип платформасы tabii 1 жылдыгын белгилеп жатат

ТРТнын билдирүүсүнө караганда көрүүчүлөрүнө 30дан ашуун оригиналдуу продюсер жана 20 миң сааттан ашык контент сунуштаган платформа биринчи жылы 4 миллион жазылуучуга жетти.

2136599
ТРТнын санарип платформасы tabii 1 жылдыгын белгилеп жатат

Түркия радио- телеберүү мекемеси (TRT) тарабынан түрк сериалдарына болгон эл аралык суроо-талапты канааттандыруу жана  өзгөрүп жаткан көрүү адаттарына көнүү максатында ишке киргизген эл аралык санариптик платформасы Табииге (tabii) 1 жыл толду.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда көрүүчүлөрүнө 30дан ашуун оригиналдуу чыгарылыш жана 20 миң сааттан ашык контент сунуштаган платформа биринчи жылы 4 миллион жазылуучуга жетти.

«Бизди бириктирген окуялар» деген ураан менен жолго чыккан санарип платформасы экшнден романтикалык комедияга, детективден жаштарга арналган сериалдарга чейин бардык курактагы жана табиттеги мазмунду көрүүчүлөргө сунуштады.

Социалдык медиадагы билдирүүлөрү менен көңүлдөрдү бурган Табиинин 5 тилде ачылган эсептери Түркиядан жана чет өлкөдөн 7 миллиондон ашуун жазылуучу менен карым-катнашта болду.

Билдирүүдө көз караштары орун алган ТРТнын башкы директору, профессор доктор Мехмет Захид Собажы, Табиинин бир жылдын ичинде алп атаандаштарынын арасында ылдам ылдамдыкка жеткенин жана көрүүчүлөр менен бекем байланыш түзгөнүн белгилеп:«Бизди бириктирген окуяларды таза мазмунубуз менен бүткүл дүйнөгө айта беребиз»,-деди.

Бир тараптан Түрк аба жолдору (THY) менен түзүлгөн келишимдин натыйжасында Табиинин оригиналдуу өндүрүштөрүн THYнын эл аралык каттамдарында атайын категориядагы субтитр жана дубляж варианттары менен көрүүгө болот.

ТРТ экрандарынан берилген спорттук мелдештерди түз көрүүгө боло турган Табии, кийинки сезондон баштап УЕФА Чемпиондор лигасы, УЕФА Европа лигасы жана УЕФА Конференция лигасынын матчтарын 3 жыл бою ТРТ 1 жана ТРТ Спор менен бирге көрстөт.

Бул турнирлердеги эң көп матчтар Табииде гана көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар